Жалал-Абад: Жасалма документ колдонуп мал-жардык экспорттогон коррупциялык схема аныкталды

Жалал-Абадда жасалма ветеринардык документтерди колдонуп мал-жандыктарды экспорттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул ишке Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын Ш.Н.Т. атуу жетекчисинин тиешеси бар экени аныкталды.

«Шектүү акчалай сыйлык алуу максатында мал-жандык сатуу менен алектенген кишиге "форма-1" үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктү 21 күндүк карантин жана термометрия процедураларынан өткөрбөстөн, ошондой эле малды бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүү талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип турган», — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери башкармалыктын жетекчиси жана бир нече адамды 100 миң сомдондон ашык келишимге макулдашып жаткан учурда кармады.

Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

«311 млн сомдон ашык зыян». УКМК «Бишкексууканалда» коррупциялык схеманы аныктады

ИИМдин ага тергөөчүсү 200 миң сом пара алууга шектелип кармалды