Эрнис Толтоев Ош облусунун башчысынын орун басары болуп дайындалды

Эрнис Толтоев

35 жаштагы Эрнис Толтоев Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Толтоев 10-августта жамаатка тааныштырылды.

Эрнис Толтоев 35 жашта. Ал Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган.

2009-жылдан баштап бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Ал эми 2012-жылдан 2016-жылга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков облусту башкарып турганда анын жардамчысы болгон.

Ал арада 2013-2016-жылдары Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүн башкарганга жетишкен. Мындан сырткары Ош шаардык кеңешинде депутат болгон.

Толтоев Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, андан соң президент болгондо да анын жардамчысы болуп иштеген.

Ал эми 2020-жылдын декабрында ал экс-президенттин коомдук фондун жетектегени белгилүү болгон.