Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучулар. Сүрөт: Bruno Rijsman / flickr

Кыргызстанда жол кайгуул кызматкерлери уялбай эле туристтерден опузалап акча алышат. Коомчулук аялдар менен жаш балдар жапа чеккен зомбулук окуяларына какап-чакап калды. Дегеле эле өлкөдө көйгөйлөр көп. Бирок өкмөт башчысы Акылбек Жапаров өлкөгө келген коноктор менен инвесторлорду чочутуп албаш үчүн, журналисттерди суук кабарларды жашырып коюуга үндөп жатат. Мындай жашыруунун арты акыры барып Кыргызстанды коррупциянын чордонуна, бир жолку келип кеткен коноктордун өлкөсүнө айлантат.

Бул материал «Пикирлер» рубрикасында жарык көрдү. Колонкада автордун жеке ою чагылдырылат.

Учакка билет саткан Tutu.ru сервисинин маалыматына ылайык, бул жайда Кыргызстан орусиялыктар үчүн эң эле популярдуу чет элдик авиабагытка айланды. Ал тургай Түркияны ашып өттү. Кыргызстандын өкмөтү чет элдик коноктордун саны эки эсе көбөйгөнүн айтууда. Көбү рублди долларга алмаштыруу үчүн банк картасын сатып алуу үчүн келип, жолду катар керемет жаратылышка суктанып, сервистерге акчаларын калтырып кетишүүдө: минкаб өткөн жылга караганда туризмдин кирешеси эки эсе өскөнүн көрүп турат. Бирок бир көйгөйлүү маселе бар — саякатчыларга жолдогу акча опузалоо учурлары жакпайт.

Форумдарда кайгуулчулардын акча талап кылганына даттангандар толтура, айрыкча Бишкектин чет жакаларында. Ар кандай жөнсүз себептер менен токтотуп, лампочкадан тартып унаанын дөңгөлөгү, жүк салган бөлүгүнөн да кынтык издешет. Аста эле кетип бараткандарды жин ургандай катуу айдадың деп айыпташса, сопсоо эле айдоочуну — чылгый массың деп көшөргөндөр бар. Туристтердин айтымында, адатта маселени 200-400 сом менен чечсе болот, ал эми медициналык анализ, жабдуунун мыйзамдуулугун тастыктоону талап кылып, арызданууга даярларды, көп учурда коё беришет. Мындай бетпактык адамдарды ансайын кыжырдантат.

Кыргызстандын туроператорлор бирикмесинин башчысы Сергей Глуховеровдун айтымында, туристтер мындан ары эч кимге Кыргызстанга баргыла деп кеңеш беришпесин айтышууда.

«Сураныч, кызматкерлериңерге жеткирип койгулачы, бүт өлкөнү уят кылып жатышат. Аларды көргөндө бүткүл элдин меймандостугуна сөз тийип жатат. Көптөгөн адам ар бир конок үчүн күрөшүп жатса, алар конокторду үркүтүп жатышканын айткыла», — деп кайрылды ал ИИМ жана ЖКККББга.

Сүрөт: Темир Сыдыкбеков / RFE/RL

Маселе кайгуул кызматкерлеринде гана эмес: июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев күн сайын 10 миң адам өткөн «Достук» көзөмөл-өткөрмө жайында чек арачылар жасалма кезек жаратып, Өзбекстандын жарандарынан акча талап кылып жатканын айткан. Ал эми таксисттер 200 сомго жете турган жерге 2000 сом алып, монополия уюштуруп алышканын билдирген. Уят да деп айткан Козуев.

Бирок Акылбек Жапаров башында турган өкмөт эгер ЖМК ушундай окуяларды жазбай койсо эле туристтер эч нерсени байкабай калат деп эсептейт. Июлдун ортосунда Жапаров Бишкектеги «Дасмия» ресторанында кыргыз тилдүү журналисттерди чогултуп (эмнегедир кыргыз тилдүүлөрдү гана) өкмөтүнүн саясатына «оң» мамиле кылууга чакырган. Өкмөттүн саясаты, эгер биз туура түшүнгөн болсок, инвесторлорду тартуу, анын ичинде туристтер аркылуу салык жыйымдарын көбөйтүүдөн турат. Бирок жаман жери, орус тилдүү сайттардагы криминалдык хроника жолтоо болуп жаткан экен.

«Эсиңердеби, өткөн жылы 72 жаштагы кемпир зордукталды деген жаңылык болгон? Бул кабар үч жума бою сайттардын баарында илинип турган? — деп суроо салды өкмөт башчысы журналисттерге. — Бул жакка келем деген казактар менен орустар каалаган орус тилдүү сайтына кирип, жаңылыктарды окуган соң башка өлкөлөрдү тандап кетишет. Же болбосо жанагы кичинекей кыздын зордукталганы [айтылган жаңылыкты] карасак. Ал тууралуу да бардыгы жазган, эми болсо балдар менен келбейбиз деп жатышат».

Ал эми өкмөт башчы, жашоо жаңылыктагыдан жакшы да деп бекем ишенет өңдүү. «Биздин блогерлер Кыргызстанга келгенге мүмкүн эмес, ар бир жерде үч саат тыгында турасың деп жазышууда. Кечээ, коллегалар Ысык-Көлгө барып келишти, бир орус [турист] менен кафеге барышыптыр. Ал Москвада күнүнө алты сааттан тыгында турабыз деп айтып беритир. Мындай кереметке келип калганына ыраазы экенин, туруктуу конок болууну убадалашыптыр», — деп айтып берген Жапаров.

Ошондуктан, ал жаман жаңылыктарды журналисттер кичинекей шрифт менен, кыргызча жазышы керек, ал эми чоң шрифт менен орусча — дайыма Кыргызстанды макташ керек деп эсептейт. Акылбек Жапаровдун айтымында, ушундай кылса болорун ага грузиндер үйрөтүшкөн.

«Биз Грузияга барганда [...] ИИМдин ситуациялык борборунда болдук, — деп баяндады өкмөт башчысы. — Мен англисче билбейм, бирок, орус тилиндеги сайтты карасам, бир дагы жол-транспорт кырсыгынын фактысы жок экен. Мен силерде кырсыктар болбойбу деп сурасам, Миша [Саакашвили] ушундай кылып койгон дешти. Анын тапшырмасы менен коомдук келишим түзүлүп, бардык оппозиция, журналисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылыптыр. [Алардын баары] бизде бир эле Грузия бар, Грузиянын атаандаша турган бир эле артыкчылыгы бар — ал туризм дегенге макул болушуптур».

Акылбек Жапаров 5-июлда журналисттер менен жолугушууда. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

Андыктан, дейт Жапаров, «Грузияда өлкөдө болуп жаткан жамандыктын баарын жашырууну макулдашышыптыр. Жамандык дайыма эле боло берет, дайыма сөз эркиндиги болот — келгиле жаман жаңылыктарды артында, кичинекей шрифт менен грузин тилинде, ал эми алдыңкы планда дайыма Грузияны мактайлы [дешиптир]. Андан бери ошол келишимди сакташат экен. [Вице-премьер] Эдил Жолдубаевич [Байсалов] дагы НПОдо иштеген кесиптештерден, журналисттерден биз дагы ушундай эле долбоорду ишке ашыра алабызбы-жокпу сурап көрүүнү суранды».

Минкабдын башчысынын сөздөрүн дагы узакка айта берсек болот — себеп дегенде ал «Дасмияда» журналисттерге таң калычтуу нерселерди айтып берген. Мисалы, «Бенжамин Франклиндин портрети тартылган 100 долларлык купюрада өлүм жана салыктан качып кутула албайсың» деп жазылганын. Же болбосо «Герман Грефтин [Орусиянын “Сбербанкынын” башкармалыгынын төрагасы] китептери оцифровкалангандан кийин жасалма интеллект алардын негизинде 12 баян жазганын». Же Өзбекстан түз инвестициялар боюнча жакында Кытайды кууп жетерин айткан.

Чыныдыгында Өзбекстанга Кытайга жетиш Күнгө чейин жөө баргандай эле. Москвада алты сааттык тыгын деген эбак эле жок. Грузияда жаман жаңылыктарды жашыруу тууралуу эч качан «коомдук келишим» болгон эмес (бул жөн эле чыгарылган сөз экенин «Клоопко» грузиялык журналист дагы айтып берген). «Өлүм жана салык» тууралуу жазуулар долларда башынан эле болгон эмес (Кыязы, Акылбек Үсөнбекович Брэд Питт тартылган «Таанышып алгыла, Жо Блэк» деген тасманы жакшы көрөт окшойт, аталган сөз башкы каарманга таандык). Баса, Герман Греф деле эч качан китеп жазган эмес.

Ал эми акыркы убакта өлкөнү каптаган зомбулук эпидемиясы — бул, тилекке каршы, чындык. «Бишкек: Аял мурдагы күйөөсү балдарына келген сайын сабап, милиция чара көрбөй жатканын билдирди». «Алты жашар кызды зордуктады деген шектүүнүн жакындары жазаны жеңилдетүүгө аракет кылууда». «Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери адам өлтүрүү ишине байланыштуу кармалды». «“Катуу көзөмөлгө алынсын”. Садыр Жапаров аялдарга жана балдарга зомбулук боюнча үн катты». Бул бир күндүн ичиндеги эле, 5-августтагы жаңылыктар.

Чындыкка тике карайлычы: мунун баарын өлкөгө келген коноктордон жашыра албайсың, ал эми жашыруу аракеттери туристтер тарабынан аларды алдоо жана «жем кылуу» аракети катары кабылданары айдан ачык. Мына ошондо алар биротоло келгис болушат, ал эми Кыргызстан туристтик рынок үчүн one way destination болот — «бир эле жолку сапардын багыты».

Балким, зордукка, коррупцияга жана жолдордогу өз билемдиктерге каршы чара көрүп башташ керек? Өкмөт башчы өзү эске салган, ошол эле Грузия сыяктуу. Анткени ал жакта туристтерге эч ким тийишпейт. Мыйзамдарды дагы, жалпы айтканда, көп деле бузушпайт.