«Катуу көзөмөлгө алынсын». Садыр Жапаров аялдарга жана балдарга зомбулук боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Жогорку сотко аялдарга жана балдарга карата ырайымсыз мамиле боюнча иштерди катуу көзөмөлгө алууну тапшырды. Мындай билдирүүнү өлкө башчысы 5-августта судьялар менен жолукканда айтты.

Жапаров коомчулукта сот системасына нааразычылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аныктап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүү керек деп эсептейт.

«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», — деди ал.

Ошондой эле президент коомчулукта резонанс жараткан соттук иштер боюнча чечимдерди ЖМКлар аркылуу түшүндүрүп туруу зарыл экенин баса белгиледи.

Президентке жолуга албай жаткан активисттер

Ошол эле учурда президент «Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылынын жолугушууну талап кылган үч жолку өтүнүчүнө кулак салбай келет.

3-августта аталган кыймыл кайрадан президентке кайрылып, аялдар менен балдардын абалы «күн санап начарлап жатканына» тынчсызданышкан. Алар президент менен жолугушууну талап кылышкан.

Укук коргоочулар мамлекеттик органдардын зордуктоо боюнча берген маалыматтары абалды толук көрсөтпөй жатат деп билдиришкен.

«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы президентке биринчи жолу 13 жаштагы кызды төрт киши зордуктап жүргөнү белгилүү болгондо кайрылган. Анда шектүүлөрдүн экөө милиция кызматкерлери экени айтылган.

Президенттик администрация кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп билдирген.

Активисттер президенттик администрациянын жообуна канааттанбаганын айтышкан. Алар «өлкөнүн аялдарын жана балдарын коргоо мамлекет башчысынын да, министрлердин да биринчи маанидеги максаты эмес экенин көрдүк» дешкен.

Аялдарга жана балдарга карата зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. ИИМдин маалыматына ылайык, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көп учурда иштер сотко жетпейт, себеп дегенде балдарга карата зомбулук учурлары көбүнесе туугандар тарабынан болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аялдардын абалы күн санап начарлап жатат». Активисттер Жапаровдон жолугушууну талап кылды

Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн