Бишкек: Аял мурдагы күйөөсү балдарына келген сайын сабап, милиция чара көрбөй жатканын билдирди

Бишкектеги Көлмө конушунун тургуну мурдагы күйөөсү Орусиядан келген сайын сабап жатканын, бирок укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй жатканын айтып берди. Бул тууралуу 40 жаштагы жабырлануучу Чолпон Шайылдаева өзү 24.kg басылмасына билдирди.

Аялдын айтымында, күйөөсү менен 13 жыл бирге жашап, эки жыл мурда ажырашып кетишкен. Ал мурдагы күйөөсү Орусиянын жараны экенин, бирок Кыргызстанда эле туулуп өскөнүн, учурда Москвада жашап иштеп жүргөнүн айтат.

«Бишкекке учуп келген сайын балдар менен көрүшүүгө келет. Келген сайын мени сабап кетет. Аны балдар менен көрүшпөсүн деле дебейм, эч жолтоо болбойм. Жөнү жок эле баса калат», — дейт Шайылдаева.

Аялдын айтымында, акыркы жолу мурдагы күйөөсү 17-июлда эжеси менен кетип баратканда көчөдөн сабап салган. Жабырлануучу ал окуядан кийин башынан жана башка көптөгөн жаракаттарды алып ооруканага түшүп калганын айтат.

Конуштун тургуну маселесин айтып милицияга жана прокуратурага бир нече жолу кайрылганын, бирок алар эч бир чара көрбөгөнүн билдирди.

«Ленин райондук ИИБи ага карата үч кылмыш ишин карап жаткан. Эки ишти кылмыштын курамы жок деп жаап салышты, дагы бири боюнча жөн гана айып салышты. Ал мени мындан ары деле ээн-эркин келип сабап кете алат. Бишкектин Ленин райондук прокуратурасына, Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасына дагы кайрылгам, эч майнап жок. Адамды каалаганча кордоп, ээр эркин боштондукта жүрө берсе болобу?» — деп кейиди аял.

Ленин РИИБнен бул боюнча «Клоопко» кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылышты.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

2022-жылдын февралында кыргыз ИИМи өткөн жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталганын билдирген.

Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат. Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы