«1500 киши ишсиз калат». Бишкекте «Тазалыктын» кызматкерлери митингге чыкты

11-августта Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Алар Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берүү чечимине каршы чыгышты.

Кызматкерлердин айтымында, 1-августтан тарта Биринчи май районунда чогулган таштандыларды тазалоо иши «Эко Проф» жеке компаниясына берилген. Бирок аталган компаниянын техникалары жетишсиз болуп, таштандылар убагында чыгарылбай калат.

Митингге чыккан айрым кызматкерлер «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникасын оңдоп-түзөөдөн өткөрсө, шаардын тазалыгын камсыз кылууга болоорун белгилешти.

«Таштанды чыгарган жеке компания аткарган жумушу үчүн 7 миллион ​​сом сурап жатат. Бирок шаарда таштандылар толуп жатканын өзүңөр көрүп турасыңар. 7 миллион эмес “Тазалыктын” техникаларын оңдогонго бир миллион сом бөлүп койсунчу, бардык техникалар иштейт. Булардын максаты “Тазалык” ишканасын жоюп салуу болуп жатат. Муну жоюп салганда 1500 киши ишсиз калат», — дейт кызматкерлердин бири.

Акцияга чыккандар менен шаардын вице-мэри Олег Попиков жолугуп, Биринчи май району шаардын борборундагы чоң район болгондуктан техникалары бар ишканага берилгенин түшүндүрүүгө аракет кылды.

«52 техниканын 26сы оңдоодо болчу. Таштандыларды чыгарып, графикке киргизүү үчүн “Тазалык” ишканасы 14-августка чейин таштанды чыгаруу боюнча жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага чейин техникаларды оңдоп, иштейбиз», — деди вице-мэр.

Попиковдун айтымында, мэрия техникаларды оңдоого каражат издеп жатат.

Ай башынан бери калаа тургундары социалдык тармактар аркылуу таштанды убагында тазаланбай жатканына нааразылыктарын билдиришүүдө. Мындан улам, 7-августта Бишкек мэриясы Биринчи Май районунда чогулган таштандыларды «Эко Проф» жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

«Учурда линияда 5 МАЗ, 2 Газ-53, 2 грейфер, 16 жүктөгүч иштеп жатат. Таштанды чыгаруу күнү түнү, дем алыш күндөрү да жүргүзүлөт», — деп айтылган маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин бир бөлүгү иш таштаган. Алар маяна кечиктирилип, унааларды оңдоо маселесинде каржылык көйгөйлөр чыгып жаткандыгына нааразы болушкан.

Ал эми август айынын башында Бишкек мэриясы «Тазалыктын» кызматкерлеринин эмгек акысы 20 миң сомго көтөрүлгөнүн кабарлаган.

Алсак, июль айына карата ишканада жүк ташып иштеген кызматкерлердин маянасы 2 миң сомго көбөйгөн.

Мындан сырткары, мэриядан ишканада учурда 9 унаа оңдолуп бүткөнүн белгилешкен.