Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова менен Акматалиев алтын медаль утушту

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев эки алтын медалды багындырышты.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күч сынашып, жалпы үч беттеш өткөрдү.

Ал биринчи кармашта казакстандык спортчу Ирина Кузнецова менен күрөшүп, аны 12:2 эсебинде утуп алган. Ал эми чейрек финалда сенегалдык спортчу Сафиету Гудиабини 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште Тыныбекова гвинеялык спортчу Ярие Камара менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утуп алды.

Ал эми Эрназар Акматалиев эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта чыккан

Ал биринчи кармашта түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңди.

Ал эми финалдык турнирде Акматалиев ирандык спортчуну 6:0 эсебинде утту.

Бул 2022-жылдагы Ислам шериктештиги оюндарындагы кыргыз спортчулары алган төртүнчү медаль. Буга чейин балбан Алмаз Сманбеков күмүш, ал эми Нуртилек Карыпбаев коло байге уткан.

Ислам шериктештиги оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Түркиянын Конья шаарында өткөн. Ага Туркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.

Ачылышта Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Чемпионат 18-августка чейин уланат. Ага 56 мамлекеттен төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн 483 комплект медал үчүн күч сынашууда. Ал эми мелдешке Кыргызстандан 25 спортчу катышып жатат.