Ошто аккумулятор уурдады деп тогуз жылга соттолгон киши ачкачылык жарыялады

Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда унаанын аккумуляторун уурдады делип, 9 жылга кесилген Уланбек Акматжанов аттуу киши 9-августтан тартып ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу «Клоопко» Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Акматжанов Кара-Суу райондук сотунун чечимине жана райондук прокуратуранын аракетсиздигине наарызылыгын билдирип жатат.

«Соттун чечимин нааразы болуп ошол кадамга барган. Аны мекеменин кызматкерлери карап жатат. Медициналык кароодон өтүп турат», — деп ишендирди Сабатарова.

Ош шаардык соту эмне дейт?

Ош шаардык соту 11-августта Акматжанов Кара-Суу райондук соту тарабынан «Уурдоо» беренеси менен күнөөлүү деп табылганын тастыкташты. Ал тогуз жылга эркинен ажыратылган — жазанын өтөлө элек бөлүгү алты жылды түзөт.

Соттун маалыматына ылайык, айыпталуучу соттун өкүмүнө макул эмес. Мындан улам Кара-Суу райондук прокуратурасына аппеляциялык азыр берген. Учурда анын ишин Ош облустук соту карап жатат. Соттук отурум 24-августка дайындалды.

Шаардык сот 9-августта Акматжанов менен бирге дагы бир адам ачкачылык жарыялаганын белгилеп, учурда экөө тең ачкачылыкты токтотту деп ишендиришти.

Ал арада Уланбек Акматжанов менен Кыйноолорду алдын алуу улуттук болборунун өкүлү жолукканы белгилүү болду. Борбордун өкүлү «Клоопко» Акматжанов жана дагы эки киши 2021-жылы декабрда унаалардын аккумуляторун уурдоого шектелип кармалганын билдирди.

Акматжанов соттун өкүмүн адилетсиз жана өтө катаал деп баалайт. Себеби ошол эле кылмышка айыпталып жаткан кишилердин бирине айып салынып, экинчиси пробациялык көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле, Акматжанов Түштүк аймагы боюнча прокуратурага жана Ош облустук прокуратурасына арыз менен кайрылганын айтып, мекемеден жооп ала албаганына нааразы болгон.

Кыйноолорду алдын алуу борбору Акматжановдун арызы 11-августта Кара-Суу райондук прокуратурасына жана атайын прокурорго онлайн жолдонгону аныкталганын кошумчалады.