Улуттук банк: Июнда акча которуулар жана өлкөдөн акча чыгаруу рекорддук ченге жетти

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында жеке жактар акча которуу системалары аркылуу Кыргызстанга 317,2 млн АКШ долларын которушту. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

2005-жылдан бери жүргүзүлгөн статистикага ылайык, бул бир айдын ичиндеги акча которуулардын рекорддук көрсөткүчү. Буга чейинки рекорд 2021-жылдын сентябрь айында катталган — анда акча которуулардын суммасы 295,5 млн долларды түзгөн.

Которуулардын өсүшү Орусиядан келген акчалардын 23,25%га жогорулашы менен камсыздалган.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнь айына чейин Кыргызстанга 1 млрд 347,5 млн доллар которулган. Алардын 97%ы — 1 млрд 284,14 млн доллар Орусиядан түшкөн.

Ошол эле учурда, июнь айында Кыргызстандан акчанын чыгарылып кетиши да рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Анда Кыргызстандан 85,7 млн доллар чыгарып кетишкен — бул 2005-жылдан берки рекорддук сумма.

Каражаттын сыртка чыгарылуусу үстүбүздөгү жылдын апрелинде көбөйө баштаган. Улуттук банктын маалыматына ылайык, январь-март айларында Кыргызстандан Орусияга бир айда 40 млн доллардан ашык жиберилчү эмес. Бирок апрелде сумма — 79 млн долларга жетип, май айында 85,5 млн долларды түзгөн.

«Азаттыктын» сайтынан скриншот.

Акча которуулардын көлөмү өстү, бирок доллар чыгарылып жатат

Июндун аягында Улуттук банк «накталай доллардын тартыштыгы бар» экенин моюнга алган. Башкы банктан чет элдик валютанын жетишсиздигин — чет жактагы жеке жана юридикалык жактардын спекуляциясы деп түшүндүрүшкөн.

Анда Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлган — бир адамдын 10 миң доллардан ашык акчаны сыртка алып чыгуусуна тыюу салынган. Ушундай эле чектөө марттын ортосунда Казакстанда да киргизилген.

Улуттук банктан мындай чаралар Кыргызстанда рубль, теңге жана доллар менен акча которуулардын көбөйүшүнө алып келгенин айтышкан.

«Өлкөдөн чет элдик валютаны чыгарууга/киргизүүгө тыюунун жоктугунан пайдаланып, [чет элдик валютаны акча которуу менен] алгандар накталай АКШ долларын чоң көлөмдө Кыргызстандан чыгарып кеткен жана чыгарып жатышат», — деп белгилешкен Улуттук банктан.

Абалды жөнгө салыш үчүн Улуттук банк бир катар чектөөлөрдү киргизген. Мисалы, апрелден тарта акча которуулар акча жиберген өлкөнүн валютасында же сом менен гана берилип жатат.

Мындан тышкары Улуттук банк коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайлардын ортосундагы көмүскө макулдашуунун алдын алыш үчүн, банктарга акча алмаштыруучу жайлар менен бир күндө ошол акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага валюта сатууга чектөө киргизген.

8-августта Башкы банктын жетекчисинин орун басары Нурбек Жеңиш мекеме тарабынан көрүлгөн чаралар нак доллардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн «токтото алды» деп билдирген.

Бирок эксперттер накталай валютанын жетишсиздигинен жана ар кыл чектөөлөрдөн улам өлкөдө валютанын «кара базары» пайда болгонун, ага коммерциялык банктар да катышып жаткан болушу ыктымалдыгын айтышкан.

Тема боюнча: «Кара базар» жана валюта алуу үчүн комиссия. УБ валюта рыногундагы жагдай тууралуу айтып берди