Бишкекте ок атышуу болуп, бир адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди

Бишкекте белгисиз кишилер ортосунда ок атышуу болуп, бир киши жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнен билдиришти.

Шаардык милицияга 7-август күнү Каарман көчөсүндө атышууда бир кишиге ок жаңылганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Окуя болгон жерге барган милиционерлер белгисиз маркадагы тапанча, бир патрон жана гильза табышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, 38 жаштагы жаран оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Анын оң санына ок тийген», — беп белгилешти басма сөз кызматынан.

Play
-1:33
Mute
Additional Visual Settings
Enter FullscreenClick to watch on Facebook

Tynystan Asypbek
app-facebook
Facebook Watch
www.facebook.com/100037808348145/videos/469177438355885/

Start at
Start at
:
Copy video link
Open embed menu

Facebook
Share to Facebook

Messenger
Send as Message

WhatsApp
Send in WhatsApp

Twitter
Share to Twitter

Copy
Learn more about embedding Facebook videos on our developer site.
Embed Code
Back
Share

Милиция алдын-ала квалификациялоо менен «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ушул тапта ок атышуунун башка катышуучулары изделип жатат.