ИИМ милиция формасын кийип унааларды тоскон балдардын видеосу боюнча териштирүү баштады

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы милициянын кийимин кийип жолдон унааларды тоскон эки киши түшүндүрмө берип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы А.Т жана 18 жаштагы А.у.К атуу балдар тамаша иретинде видео тартуу үчүн жолдо унааларды тосушкан.

@ularbek__ #выдаютсебязагаишников #какэтопонять #гаи #гаибишкек #маикызматкерлери ♬ оригинальный звук - Ularbek__

Башкармалыктын өкүлү балдар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында иштебейт деп белгиледи.

«Балдар милиция формасын кийип алып, тамаша иретинде видеого түшкөн. Пранк. Форманы кайдан алып кийген, кандай болгонун аныкталат», — деп белгилешти башкармалыктан.

Видео материалдар боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызмат териштирүү жүргүзүп жатат. Башкармалык териштирүү бүткөн соң толук маалымат берүүнү убадалады.