ӨКМ Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөөнү токтотту

ӨКМдин куткаруучулары Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө ишин токтотушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен түшүндүрүшкөндөй, чечим куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндөгү жобого ылайык кабыл алынганын, ал боюнча чөгүп кеткендерди издөө 20 күнгө созулат. Бирок кыздын ата-энесинин өтүнүчү менен куткаруучулар кызды 24 күн издешкен.

ӨКМдин маалыматына ылайык, аталган убакыт аралыгында куткаруучулар менен суучулдар ченемден ашык иштешкен.

«Куткаруучулардын саны күн сайын өзгөрүп жатты. Кызды издөөгө укук коргоо органдарынын кызматкерлери, кыздын туугандары жана ыктыярчылар да тартылган. Жалпысынан кызды издөөгө күн сайын 60-70 издеп жатты», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Ведомстводон кыздын ата-энеси издөө иштерин өз алдынча улантмай болгонун дагы кошумчалашты.

Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат ӨКМге 17-июлда маалымдалган.

Чөгүп кеткен төрт жашар кыздын атасы социалдык тармактарда ыктыярчылардан жардам сурап кайрылган. Ал кызы апасы жана дагы бир тууганы менен үйлөтмө матраста сүзүп жүрүшкөнүн айтып берген. Ошол учурда, атанын айтымында, катуу шамал башталып, кызы матрастан ыргып кеткен. Кызынын артынан сүзүп барып эле таппай калган.

Куткаруучулар, атанын айтымында, жетекчилигинин же ЖМКнын көзүнчө гана иштеп, калган убакта «курорттогудай жүрүшкөн».