USAID Кыргызстандын ооруканаларына 15 млн сомдук медициналык жабдуу берди

Сүрөт: USAID

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) өлкөнүн үч ооруканасына заманбап медициналык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу 16-августта USAID’ден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай колдоо COVID-19 менен күрөшүү үчүн көрсөтүлгөн. Анын алкагында Улуттук госпиталга жогорку технологиядагы мобилдүү видеобронхоскоп тапшырылган.

Ал эми Чүй облустук ооруканасына чектелген шарттарда диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген мобилдик рентген-аппарат берилген. Ош шаардык ооруканасына болсо шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын дезинфекциялоо үчүн атайын камералар алынган.

Медициналык жабдуулардын жалпы баасы 15 млн сомду түзгөн.

USAID коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга 10 млн доллардан ашык жардам көрсөткөн — бул каражаттар жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды жаңылоого жана башкаларга жумшалганы айтылган.

Кыргызстанда 8-августтан 14-августка чейин 527 адамдан коронавирус аныкталды. Илдетке чалдыккан 138 бейтап ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат. Ал эми пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы үч миңдей адам каза болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

USAID Кыргызстанга COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы үчүн 2,8 млн доллар берди