USAID Кыргызстанга COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы үчүн 2,8 млн доллар берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга COVID-19га каршы эмдөө кампаниясын колдоо үчүн кошумча 2,8 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу 4-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Бул акча «медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттыкты сактоонун маалымат тутумдарын жакшыртууга» жумшала турганы да айтылат.

Медкызматкер мурундан мазок алып жатат. Сүрөт: АКШнын Кыргызстандагы элчилиги

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналар – COVID-19га каршы эң мыкты курал. Өмүрдү сактап калуу, экономиканы калыбына келтирүү жана вирустун жаңы варианттарынын пайда болуу коркунучун токтотуу үчүн биз мүмкүн болушунча көп адамдарды тезирээк эмдөөгө тийишпиз», — деди агенттиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин м.а. Кит Симмонс.

USAID’дин билдирүүсүндө уюм мамлекеттин тармактык мекемелери жана ЮНИСЕФ менен биргеликте өлкө боюнча вакциналарды жайылтуу жана эмдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин да алып бара турганы айтылат.

«Каржылоонун алкагында вакциналарды ташуу, сактоо жана башкаруу, ошондой эле эмдөөдөн кийин медициналык таштандыларды туура жок кылуу, вакцина боюнча кеңеш берүү сыяктуу иш-чаралар колдоого алынат. Булардын баары эмдөө кампаниясынын ийгиликтүү болушуна өтө маанилүү. Андан тышкары, дарыгерлер эмдөөдөн кийинки сейрек кездешүүчү кыйынчылыктарды аныктоо жана дарылоо боюнча атайын окуудан өтөт», — деп билдиришти уюмдан.

Уюмдагылар эмдөө маанилүү экенин белгилешти. Бул тууралуу окумуштуу жана вакциналар боюнча эксперт Асел Сартбаева дагы билдирүү жасаган. Ал кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакциналар коопсуз экенин, ал адамдын өзүн да, айланадагыларды да коргоо үчүн керек деп белгилеген.

«Бүгүнкү күндө вакциналар миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат, аны дарылоого караганда инфекцияны алдын алуу алда канча жеңил жана арзан», — деди Сартбаева.

USAID пандемия башталгандан бери Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн АКШ 8 млн доллардан ашык каражат бөлүп бергенин кошумчалады — каражаттар жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды жаңылоого жана башкаларга жумшалган.

Pfizer вакциналарын тапшыруу салтанаты. Сүрөт: АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.

Мындан сырткары, жакында эле АКШ өкмөтү Кыргызстанга COVID-19га каршы 259 миң дозадан ашык америка-германиялык Pfizer BioNTech вакциналарын берген. Препарат менен кыргызстандыктарды эмдөө жүргүзүлүп жатат.

Тема боюнча окуңуз: Кыргызстанга вакциналарды сактоо үчүн UNICEF аркылуу 200 муздаткыч келет

Ошондой эле октябрдын аягында Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 25 млн доллар бөлө турганы белгилүү болгон. Бөлүнө турган 25 млн доллардын жарымы — грант. Бул каражат 1,7 млн доза вакцина, шприц жана аларды утилизациялоо үчүн контейнерлерди сатып алууга жумшалат.

Кыргызстандагы эмдөө

Учурда Кыргызстанда Кытайдын «Синофарм», Орусиянын «Спутник-В», америка-германиялык Pfizer жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү. Ошондой эле, мамлекет гумжардам катары казахстандын QazVac жана кытайдын Sinovac вакциналарын алган. Жарандарды эмдөө толук түрдө акысыз өткөрүлүп жатат.

Кыргызстанда 5-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын эки дозасын 776 миңден ашык адам алган. Вакцинанын биринчи дозасы 1 миллиондон ашык адамга сайылган.