Бир кадр менен: Активист Жекшеналиевдин апасы уулун алып бараткан унаанын жолун тосту

17-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Фейсбуктагы «Полит Узник» барагынын администратору, активист Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын карады.

Сот активистти Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алды.

Сүрөт: журналист Айбек Бийбосунов

Жекшеналиевди соттун имаратынан жеңил унаа менен алып чыгып кетишти, бирок апасы унаанын жолун тороп, уулу менен сүйлөшүп алууга уруксат сурады. Сот отурумунда активисттин жакындары жана туугандары болгон жок.

Активисттин жактоочусу Махабат Мамасалиеванын айтымында, сот жабык өткөн. Мындан тышкары, отурумга Жекшеналиевдин үч адвокатынын экөө катышкан эмес.

Ырыс Жекшеналиев 14-августта кармалган. Кийин ага карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.