Бир цитата менен: Жапаров 2020-жылы соцтүйүндөгү посттор үчүн эч ким жоопко тартылбайт деп ишендирген

Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда «Кыргызстанда мындан ары эч кандай саясий куугунтуктар болбойт» деп убадалаган.

Бул тууралуу ал 2020-жылдын ноябрында, журналисттер менен жолугушуу учурунда, Алмазбек Атамбаевге карата октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу суроого жооп берип жатып айткан.

Анда Жапаров Кыргызстан эли аз экенин, мындайда өлкөдө бири-бири менен чабышып, бири-бирин куугунтуктаса туура эмес болорун айткан.

«Мен тескерисинче баарына айтып атам, камабагыла эч кимди, куугунтуктабагыла деп атам. Бири-бирибиз менен чабышып жүрүп, мына 30 жылдан бери мамлекетибизди сазга батырыптырбыз. Эми андан көрө, саясатты таштайлы дагы, экономика менен алектенели деп жатам, убактыбызды ошого коротолу деп. Саясий куугунтук кылгандан, бирөөлөрдү камагандан, түрмөлөрдү толтургандан биз эч пайда таппайбыз. Муну мен, адилетсиздикти, мыйзамсыздыкты, бир эмес, эки жолу камалып чыккан адам катары, мен жакшы билем, мен жон терим менен сезген адаммын», — деген анда Жапаров.

Ал журналисттердин айткандары жана жарандардын өз оюн билдиргени үчүн, соцтүйүндөрдө жазылган билдирүүлөр үчүн саясий куугунтук, аңдуу болбойт деп ишендирген.

«Мурда мисалы, Фейсбукта ачык жазып койсо, кечирим суратып, үйүнө чейин барып, ушундай болуп жаткан, туурабы? Эми мындан ары андай болбойт. Мен баарына айтып жатам, андай кылбагыла, ар ким өзүнүн оюн ачык айтсын. Эгерде чын айткан болсо биз реакция жасайбыз, сөзсүз түрдө териштиребиз. А эгерде калп айткан болсо, бир күн резонанс болот, эки күн резонанс болот, анан калптын казаны кайнабайт дейт, үчүнчү күнү ал калп экени билинип калат да… Мына ошон үчүн биз тараптан, бийлик тараптан куугунтук болбойт», — деп белгилеген президент.

Бирок, Садыр Жапаров өлкө башчы болгондон бери, соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөр үчүн жоопкерчиликке тартуу токтогон жок.

Дал ушундай чуу жараткан окуялардын бири Фейсбуктагы «Полит Узник» барагынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин посту үчүн камалганы болуп калды.

Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган. Ошол эле күнү ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен активист Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын камалышы боюнча депутат Дастан Бекешев пикирин билдирген. Ал 19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиевдин билдирүүсүндө бийликти басып алууга эч кандай чакырык жок деп эсептейт. Бекешев президент айкөлдүк көрсөтүп, активистти коё берүүнү буйрук кылат деген үмүттө.

Жекшеналиевдин кармалышы 14-августта Жапаровдун Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча маалыматтар тууралуу кайрылуусунун шартында болду.

Аталган кайрылууда Жапаров«Жетим-Тоону “коргогучтар” болуп чыга келип, элди “көтөрүлүшкө” чакырып жаткандарды» адамдардын башын айлантканды токтотууга чакырган. Ал учурда кенди иштетүү даярдыгы жок экенин белгилеген. Президент «кендин запасын тактап коюу геологиялык иштерди жүргүзүүнү гана буюргам» деп кошумчалаган.