Талас облусунда ЖКККББнын кенже инспектору аялын өлгүчө сабоого шектелип жатат, окуя 2021-жылдын декабрында болгон. Сот азырынча бул иш боюнча чечим чыгара элек. Маалыматты «Клооптун» журналистине Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Аял ур-токмоктон каза тапканы тууралуу блогер Эртай Искаков Инстаграм барагында шектүү аялын сабап жатканы тартылган видеону жарыялагандан кийин белгилүү болду.
«Андан бери 8 ай өттү, соттор чечим чыгарбай созуп жүрүшүптүр, эртең коё берип же жазасын кыскартып койсо эч таң калбагыла», — деп жазды блогер.
Иш боюнча чечим чыга электигин маркумдун жакындары дагы тастыкташты.
«Сегиз ай өттү. Биз баарына, прокуратурага чейин бардык. Видеосу турат, эмнеге аны [шектүүнү] камабай жатышат? Бардык далилдер турат го?!» — деп нааразы болушту маркумдун жакындары.
Ал эми Талас облустук соту буга байланыштуу комментарий берип, иш эмне үчүн созулуп кеткенин түшүндүрүштү. Ал жактан адам өлтүрүү 2021-жылдын 29-декабрында катталганын, ал эми иш кароогоо 2022-жылдын 18-майында гана Талас шаардык сотунун кароосуна түшүп, ага чейин тергөө органдарында болгонун айтып беришти.
Соттон 27-майга баштапкы укутуруу дайындалып, анда шектүүнүн адвокаты айыптан айрым далилдерди алып салуу өтүнүчүн келтиргенин билдиришти. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган эмес. Жактоочу бул боючна Талас облустук сотуна даттанган — ал жактан 8-июнда биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырышкан.
«14-июнда иш кайра Талас шаардык сотунун кароосуна келип түшкөн. 29-июнда иш каралып жатканда 35 күбө келбей койгондуктан сот отурумунда бир нече жолу тыныгуу жарыяланган. 16-августта айрым күбөлөрдү сотко мажбурлап алып келүү керектиги айтылып, ишти кароо отуруму 22-августка жылдырылган», — деп түшүндүрүштү басма сөз кызматтан.
Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид
Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.
Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.
Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат. Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.
Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.
Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.
Кризисттик борборлордун даректери:
- «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
- «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
- «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
- «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
- «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
- «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
- «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
- «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
- «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
- «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
- «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
- «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
- «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
- «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
- «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.
Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү
«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы