Кадамжай: ЖККБнын үч инспектору аткезчилик ишине байланыштуу кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үч кызматкери «Коррупцияга» шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кызматкерлердин Кадамжай районунун аймагына контрабандалык жол менен товарларды алып өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан такай акча талап кылууга тиешеси бар экени аныкталган.

Учурда шектүү катары кармалган үч орган кызматкери жана бир тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, башка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылдын майында Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкандан бери аткезчилик фактылары катталып келет.

Мындан улам башында жергиликтүүлөр элдик кошуундарды түзүп, эки өлкөнүн ортосунда аткез жүк ташыгандарды кармай башташкан. Ошондой эле бийликтен көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылып келишет.