Биринчи май районундагы таштандыларды «Тазалык» ишканасы чыгара турган болду

Бишкектин Биринчи май районунда чогулган таштандыларды чыгаруу ишин кайрадан «Тазалык» муниципалдык ишканасы жүргүзөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, муниципалдык ишканага таандык техникалардын жарымы оңдолуп, ишке киргизилди. Учурда ишканага тиешелүү 14 техника иштеп жатат.

Ошондой эле мэриядан «Тазалыктын» кызматкерлери таштанды көп топтолгон жерлерди тазалап жатканын кошумчалашты.

Биринчи май районундагы таштанды чыры

Август айынын башынан бери Биринчи май районунун тургундары соцтүйүн аркылуу таштанды убагында тазаланбай жатканын жазып, нааразы болушкан. Ал эми 7-августта Бишкек шаарынын мэриясы райондогу таштандыларды «Эко Проф» жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

Көп өтпөй «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардык мэриянын Биринчи май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берүү чечимине каршы чыгышкан.

Кызматкерлер райондогу таштандыларды чыгаруу иши 1-августтан тарта жеке компанияга берилгенин белгилеп, «Эко Профтун» техникалары жетишсиз болгондуктан таштандылар убагында чыгарылбай калат деп эскертишкен.

Митингге чыккан айрым кызматкерлер «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникасын оңдоп-түзөөдөн өткөрсө, шаардын тазалыгын камсыз кылууга болот деп белгилешкен.

Тема боюнча:

«1500 киши ишсиз калат». Бишкекте «Тазалыктын» кызматкерлери митингге чыкты