Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болду


Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу 23-августта президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баатырованын саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлиги макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.

Баатырова министрликтин алдындагы медициналык аккредитациялык комиссиянын төрайымы. Ал буга чейин медицина тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. Ошондой эле БШКнын мүчөсү, Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып келген. Ал бул кызматка мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев кармалгандан кийин дайындалган.

Бейшеналиев июнь айынын башында коррупцияга шектелип кармалган, ал эми 16-августта ИИМ ага карата козголгон кылмыш ишин токтоткон. 19-августта болсо президент Садыр Жапаров аны кызматынан бошоткон.

Кийинчерээк ошол кезде министрдин милдетин аткарган Жаркынбек Касымбеков Бейшеналиевди «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору кылып дайындаганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алымкадыр Бейшеналиев «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборуна директор болду

Президент Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан бошотту