Президент Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан бошотту

Алымкадыр Бейшеналиев

Президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан бошотту. Бул тууралуу 19-августта президенттин администрациясынан билдиришти.

16-августта ИИМ Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин токтоткон. Анда Бейшеналиевдин жактоочусу кылмыш иши «Алымкадыр Бейшеналиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгонундуктан» кыскартылганын билдирген.

Ошондой эле ал Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматын кайрадан калыбына келтирүүгө толук укуктуу деп айткан.

Ал эми кийинчерээк Бейшеналиев өзү 24.kg басылмасынамаек куруп, президент Садыр Жапаров чечим кабыл алса, кызматына кайтып, «реформаларды улантууга» даяр экенин билдирген.

Бейшеналиевдин кармалышы

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян келтирүүгө шектелген.

Кийин Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирген. Өлкө башчысы комиссияны министрге кылмыш иши калыс козголгонбу-жокпу «өзү үчүн билип алуу» максатында түзгөнүн кошумчалаган.

Аны менен катар Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, Жаркынбек Касымбековду министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган.

Кармалгандан кийин Бейшеналиев УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок 16-июнда сот аткаминерди үй-камагына чыгарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин токтотту — адвокат

Алымкадыр Бейшеналиевге жети берене менен кылмыш иши козголду