Орусиядагы жол кырсыгынан каза тапкандардын жакындарына 300 миң сомдон берилет

23-август, 2022-жыл. Каза болгон мекендештердин сөөгү өлкөгө алып келинген учур.

Орусиядагы жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каражат президенттин фондунан бөлүнөт. Мындан сырткары каза тапкандардын жакындарына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да жардам көрсөтөт.

23-августтун кечинде кырсыктан каза тапкан мекендештердин сөөгү алып келинди. Аларды бийлик өкүлдөрү коштоп кичи мекендерине жеткиришти.

14 кыргызстандыктын өлүмү

14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгы 21-август күнү Орусиянын Ульяновск облусунун Николаевск районунун Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосунда, «Урал» чоң жолунда катталган.

Жалпы 16 киши каза болгон, ал эми үч кыргыз жараны ооруканага жаткырылган. Алардын абалы «оң динамика бар туруктуу оор» деп бааланууда.

Полициянын маалыматына ылайык, оор жүк ташуучу унаанын биринин айдоочусу машинаны керектүү убакта токтотпой, оңдолуп жаткан жолдун реверсивдик тилкесинде кезегин күтүп турган кичи автобусту барып сүзгөн. Натыйжада кичи автобус эки оор жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калган.

Аталган факты боюнча «Жолдо жүрүү жана траспорт каражаттарын пайдалануу эрежесин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы бул кылмыш ишин ведомствонун Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүүнү тапшырган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандыктар казак чек арасына кирди-чыкты кылуу үчүн барып кайтып келе жатышкан. Орусиядагы эмгек мигранттары акыркы кездерде каттоо талабы күчөгөнү тууралуу айтып келишкен.

Окуяга байланыштуу 23-август Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алтын Капалова: Кыргыз мигранттарынын өлүмү чиновниктердин абийиринде