Бир видео менен: Ош облусунда жергиликтүүлөр ат жана эшек менен эгин бастырышууда

Ош облусунун Алайкуу өрөөнүндөгү Ой-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Көңдүк айылынын тургундары ат жана эшектердин жардамы менен эгин бастырып жатышат. Видеону Фейсбукка Кылымбек Шамшиев аттуу колдонуучу жүктөдү.

Мындай ыкма тийиштүү техника жок кезде байыркы кыргыздар тарабынан колдонулган. Азыркы тапта ал дагы деле комбайн жоктугуна байланыштуу өлкөнүн тоолуу айылдарында колдонулуп келет.