Таластын тургуну анын кызын «зордуктагандар» эркиндикте жүргөнүнө нааразы

Талас районунун тургуну анын 17 жаштагы кызын бир айылда жашаган ага-инилер «зордуктаганын» айтып чыкты. Ал учурда кызы кош бойлуу болуп ооруканада экенин, ал эми тергөө ордунан жылбай жатканын билдирди. Милициядан болсо окуя боюнча бүгүн, 25-августта, кылмыш иши козголгонун айтышты.

Эмне болду?

Кыздын апасы «Турмуш» басылмасына билдиргендей, ал анын кош бойлуу экенин ушул жылдын 28-июнунда гана байкаган. Акыркы учурда кыздын кыймылы оор болуп, кыйналып басып калган.

Кош бойлуулук аныкталган соң, кызы аны айылдашынын уулдары зордуктаганын айтып берген — «өткөн жылдын октябрында аны 17 жаштагы уулу ээн-талаага алып барып зордогон, ал эми анын 16 жаштагы иниси декабрь айында зордуктаган».

«Кызымды жетелеп кошунанын үйүнө бардым. Бирок ал бала аскерге кетиптир. Анын апасы экөөбүз отуруп алып кызымдан сурадык», – деди ал.

Аялдын айтымында, ал ошол эле күнү Талас РИИБге барып, арыз менен кайрылган. Бирок ал ушул күнгө чейин тергөө ордунан жылбай жатканын айтат.

Ал арада жашы жете элек кыз тамак жебей, адамдарга кошулбай, үн чыгарбай жүрүп ооруп калган. Учурда анын бир бөйрөгү иштебей, заара кыла албай, урология бөлүмүндө жатат.

«Атайын түтүкчө менен заара кылып жатат. Ичиндеги баласын текшеришип, “майып болуп төрөлөт” дешти. Кызымды ушундай абалга алып келген бала айылда эле жүрөт. Ушундай түшкө кирбеген нерсеге кабылып калдык. [...] Урматтуу бийлик өкүлдөрү, ишти өзүңөр көзөмөл кылып, жылыш кылууну суранам», — деди ал.

Ал эми Талас ОИИБден кыздын апасы арыз менен 28-июнда кайрылганын тастыкташты. Бирок «Зордуктоо» беренеси менен 25-августта гана кылмыш иши козголгонун айтышты.

Муну алар «дайындалган экспертизалар жаңы даяр болгону менен» негиздешти. Учурда шектүүлөр кармала элек, иш-аракеттер жүрүп жатканы айтылды.

Балдарга карата зомбулук

Иллюстративдик сүрөт.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Муну менен кошо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июлдун аягында Ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирүү жасаган.

Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.