Кыргыз рэпери L’zeep жаш балдарга чыгармаларын аткарып берүү үчүн Донбасска кетти

Сүрөт: L'zeep / VK

L’zeep деген ысым менен таанымал кыргызстандык рэп аткаруучу Медер Кадыров ырларын аткарып чыгуу үчүн Украинанын чыгышына кетти. Бул тууралуу рэпер өзүнүн Инстаграм барагында билдирди.

Кыргызстандык рэпер Донбасста жүргөнүн жазган. Ал орус аскерлеринин көзөмөлүндө турган Донецк жана Мариуполдун жарым-жартылай ээнсиреген көчөлөрүнүн, өрттөнгөн жана кыйраган үйлөрдүн сүрөттөрү менен видеолорун бөлүшкөн.

«Донецк. Шаардын бул бөлүгү призрак шаарга окшош экен. Адамдар аз, имараттар кыйраган, дубалдарында октон калган тешиктер», — деп жазган рэпер видеолорунун биринде. Кадыров ал жакта орус аскерлери менен бирге жүргөнүн дагы билдирген.

«Бүгүн алдыда болдук. Аскерлер менен көңүл ачтык. Аларга өзүбүздүн рэптерди окуп бердик», — деп жазат ал.

Рэпердин постторунун комментарийинде кээ бир колдонуучулар аны кубаттап, башкалары мекендешин саткын деп атап, «акча төлөп бергендиктен барды да» деп болжошкон.

«Мага төлөшкөн жок. Жолум менен тамак-ашты гана [төлөштү]! Мен согушта эмесмин! Мен балдарга белек алып келдим, эмне болуп жатканын өз көзүм менен көргүм келет», — деп билдирди рэпер Орусияны колдорун кошумчалап.

Буга чейин L’zeep «Азаттыкка» Украинанын чыгышында балдар үчүн концерт берерин айткан. Анын айтымында, бул боюнча ага Донецк жана Мариуполдогу журналисттерден сунуш түшүп, макул болгон.

«Бизге Донбасстан журналисттер чалып, интервью алышкан. Алар "концерт берсе болобу" деп сурашты, макул болдук. Уюштуруу маселелерин алар колго алышкан, бизге жол кире үчүн гана акча төлөшөт. Биз Донбасстын балдарына жардам катары таттууларды жана сувенирлерди алып кетебиз», — деген Медер Кадыров.

Рэпер маегинде концерттер Донецк жана Мариуполдо өтөрүн белгилеген.

Украинадагы согуш

Орус аскерлери Украинага ири алкакта кол салып баштагандан бери беш айдан ашты, ал 24-февралда башталган. Бул аралыкта Украинадан 10 миллиондон ашуун адам чыгып кетти, ал эми 14 миллион киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Орусия Украинага бастырып киргенден бир ай өткөндөн кийин кыргыз дипломаттары, ТИМ менен элчиликтер өлкөдөн 700дөн ашык кыргызстандык эвакуацияланганын билдирген. Аскерий аракеттерден улам алар Европа өлкөлөрү: Молдова, Румыния, Болгария, Венгрия, Польша жана Түркия аркылуу чыгарылган. Бирок эвакуациялаган авиакаттамдарга бардыгы жете алган эмес. Көпчүлүк кыргыз жарандары жана теги кыргызстандыктар Украинадан өз алдынча чыгып кетишкен.

Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна жооп катары Орусияга карата мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизген. Бул Орусияны салынган санкциялардын саны боюнча дүйнөлүк лидер кылган.

Кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде бир нече ирет бейтараптуулукту карманарын маалымдаган. Бирок акыркы убактарда бийлик орус тарап менен жакындашууга аракет кылып жатканы байкалууда.

Тема боюнча:

Одесса – Буча – Бишкек. Украинадан качып чыккан теги кыргызстандык аялдардын окуясы