Билим берүү министрлигине караштуу комиссия Момбековдун дипломун жараксыз деп тапты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбековдун жогорку билими тууралуу диплому жараксыз деп табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы тастыктады.

Министрликке караштуу дипломдун аныктыгын текшерген комиссия архивдик маалыматтарды текшерген. Анда Момбеков 1997-2003-жылдары Кыргыз улуттук университетине окууга кабыл алынбаганы айтылат.

«Комиссия мүчөлөрү университетке барганда мурдагы ректордун колу коюлган архивдик маалымкат алышкан. Анда 1997-2003-жылдары Момбековду “Юриспруденция” адистигине кабыл алуу тууралуу буйрук чыкпаганы жана ал диплом албаганы жазылган», — деп белгилешти министрликтен.

Комиссия Момбековдун «Эл аралык мамилелер» боюнча экинчи жогорку билими тууралуу дипломун текшерүү сунушу менен Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына кайрылды.

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында УКМКнын тергөө башкармалыгы министрликке Момбековдун дипломун текшерүү боюнча комиссия түзүү өтүнүчү менен кайрылган.

Момбековдун дипломдору

Момбековдун биографиясына ылайык, ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Анткен менен окуу жайдан Момбеков аларда билим албаганын, ал эми 2003-жылы №196 каттоо номери менен диплом окууну Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган Михаил Стародубов аттуу бүтүрүүчүгө берилгенин маалымдашкан.

Ал эми 2011-жылы Момбеков ушул диплом менен Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияга тапшырып, 2014-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. УКМК талапкер биринчи диплому жок экинчисин ала алмак эмес деп эсептейт.

Учурда бул факты боюнча «Документтердин жасалмасы» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Тергөө 2020-жылдын 5-мартында башталган. Ага Бакыт Шаршенбиев аттуу жарандын Башкы прокуратурага берген арызы негиз болгон.

Момбековдун айтымында, анын 2003-жылкы диплому жана дипломатиялык паспорту өткөн жылдагы октябрь окуяларында «сейфинен уурдалган». Депутат бул боюнча ИИМге арыз менен кайрылганын да белгилеген.

Өткөн жылы Момбеков «Социал-демократтар» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанганда «жасалма диплом» маселеси кайрадан көтөрүлгөн. БШК талапкердин диплому боюнча акыркы чечимди соттун өкүмүнөн кийин кабыл алууну убадалаган. Бирок Момбеков тергөөнүн жыйынтыгы чыга электе партиянын тизмесинен чыгарылган.