Президент Садыр Жапаров Элдик Курултай уюштурууга толук укугу бар экенин айтты

Президент Садыр Жапаров Элдик Курултай уюштурууга толук укугу бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Жапаров Элдик Курултайды жыйым-терим бүткөн учурга ылайыктап чакырганын белгилеп, курултайдын өкүлдөрүн эл шайлайт деп белгиледи.

«Эч кандай мурдагыдай дүжүрлөр чогулбайт. Жергиликтүү бийлик делегат тандоого катышпайт. Ооз көптүрүп "дежурлар чогулат" деп сүйлөп жүргөндөргө айтарым, кайсыл жерде жашасаң, ошол жердеги чогулушка барып катыш. Эл шайласа, сен да делегат болуп келип, сунушуңду айт», — деди президент.

Жапаров Элдик Курултай парламенттин ордун баспайт деп белгилеп, жылына бир жолу өкмөт менен парламенттин эмне иш аткарганы жөнүндө маалыматын угуп, сунуш берерин айтты.

«Өлкөнүн булуң-бурчунан, ар бир айыл өкмөттөн келген жарандарыбыз ошол аймактарга кандай иштерди жасашыбыз керек экенин түздөн-түз сунуштарын берсин дедим. Курултай эки күн болот. Эркин микрофон болот. Каалаган делегат сүйлөсүн. Элден корко турган же жашыра турган эч нерсебиз жок», — деди Жапаров.

Буга чейин, 16-августта президент «Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бирок юрист Фатима Якупбаева президенттин андан ыйгарым укугу жок экенин билдирген.

Юристтин айтымында, Элдик Курултайды уюштуруу жана иштөө тартибин Конституция жана конституциялык мыйзам аныктайт.

Элдик Курултай

Жапаровдун администрациясынын маалыматы боюнча, биринчи Элдик Курултай 25-ноябрга чакырылган, ал Бишкекте өтүшү керек. Курултайды Министрлер кабинетинин Резервдик фондунун жана Президенттин фондунунун эсебинен өткөрүү пландалууда.

Элдик Курултай Конституцияда жазылган, бирок ал тууралуу мыйзам азырынча кабыл алына элек. 17-майда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети Жапаров демилгелеген «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алган эмес.

Мыйзамдын долбоорун парламенттин төрт депутаты колдогон: Медербек Алиев, Замирбек Мамасадыков, Дастанбек Жумабеков жана Мейкинбек Абдалиев. Жалпысынан жыйында сегиз эл өкүлү отурган.

Бирок документ жыйынга катышкан депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

Мыйзам долбооруна депутат Гуля Кожокулова каршы оюн билдирген болчу. Анын айтымында, документ Конституциянын ченемдерине дал келбейт. Ошондой эле ал эгер Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн курултай кызматынан бошото алса, анда депутаттардын эмне кереги бар деген суроо салган.

Мыйзам долбоорун депутат Жанар Акаев дагы сынга алган болчу. Ал президенттин кайрылуусун угуш үчүн курултай чакыруунун зарылдыгы доктугун, себеби өлкө башчысы элге интернет жана телевидение аркылуу кайрыла алат деп билдирген.

Тема боюнча:

Парламенттик комитет президенттин «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырган жок

Жапаров: Элдик курултай коомдук башталышта иштей турган орган болот, жөн гана отчёт угат

Садыр Жапаров: «Премьерди жоюп, Элдик курултайды киргизүүнү мен сунуштадым»