Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын эритүүчү кошулмасы алып келинди

Коронавирус инфекциясына каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эмдөө борборунда адистер вакцинаны бөлүштүрүү планын түзүп жатышат. Алдын ала маалыматка ылайык, Pfizer препараты менен вакциналоо 30-августта башталат. Ал эми региондорго жөнөтүү иштери 31-августтан тарта жүргүзүлө баштайт.

8-августта Кыргызстанга COVAX механизминин негизинде 100 620 доза коронавируска каршы вакцина алып келингени маалым болгон. Бирок атайын эриткичтер жок болгондуктан каалоочуларга вакциналоо жүргүзүлгөн эмес.

11-августта Ишенапысова камсыздоо бөлүмү вакциналардын эриткичтери жок жөнөтүлүшүн техникалык себептер менен түшүндүргөн.

Акыркы аптада өлкөдө СOVID-19дун 179 жаңы учуру катталды.

Маалыматка ылайык, 26 адам ооруканага жаткырылып, 153 бейтап үй шартында дарыланууда. Кооптуулукту өлчөөнүн көрсөткүчүнө караганда, акыркы апта ичинде бардык облустар жашыл зонада экени айтылды.