Бишкекте саясий куугунтуктарга каршы митинг өттү

Бишкекте 30-августта камакктагы активисттер Адилет Балтабай менен Ырыс Жекшеналиевди колдоо, ошондой эле саясий куугунтуктарга каршы митинги өттү.

Өкмөт үйүнүн алдына ондой киши чогулуп, бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылышты. Митингге келген милиция кызматкерлери чогулгандардан тарап кетүүнү суранды, болбосо баш ийбегендиги үчүн кармап кетишерин айтышты.

Милиционерлердин бири чогулгандарга Биринчи май райондук сотунун 13-апрелден 1-сентябрга чейин тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө салган тыюусунун токтомун окуп берди. Документ Орусия элчилигинин, Президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында жана «Ала-Тоо» аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салат. Ошол эле учурда «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларды өткөрө берсе болот.

Милиция кызматкерлери митингдерге Максим Горький атындагы паркта уруксат берилгенин айткан соң чогулгандар аталган паркка жөнөп кетишти.

Буга чейин акыйкатчы Атыр Абдрахматова митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим ар бир жаранга тынчтык акциясын өткөрүү укугун берген Конституцияга каршы келерин айткан.

Активисттердин кармалышы

Фейсбуктагы «Полит Узник» барагынын администратору жана активист Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

Ошол эле күнү милиция Жекшеналиевди кармап, ага карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козгогону белгилүү болгон.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жекшеналиевди эки айга камакта калтырган.

Ал эми активист жана Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кызматкери Адилет Балтабай 30-июнда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Балтабай кармалганын саясатчы Равшан Жээнбеков айтып чыккан. Анын пикиринде, активистке жарандык позициясын ачык айтканы үчүн ойдон токулган кылмыш иши козголгон. 27-июлда Биринчи май райондук соту Балтабайды ТИЗО-1ге камакка алган.