Акыйкатчы: Тынч чогулуштарды чектөө Конституцияга каршы келет

Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова Биринчи май РИИБдин жана соттордун Орусиянын элчилигинин, Жогорку Кеңештин, президенттик аппараттын имараттарынын алдында жана «Ала-Тоо» аянтында тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салган чечимин негизсиз деп эсептейт.

Абдрахматова бул эгемен Кыргызстандын Конституциясына жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгиледи. Анын пикиринде, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт.

Ал Конституциясынын 39-беренесине ылайык, «ар бир адам тынч чогулуштарды эркин өткөрүүгө укуктуу» экенин эске салып, Аксы окуясынын 20 жылдыгын эскерүү күнүндө «сабак алууга» чакырды.

«Бүгүнкү күнү элибиз менен бирге Аксы окуясынын 20 жылдыгын эскерүү менен, ал каргашалуу окуянын тарыхый сабагын эстен чыгарбоого чакырам. Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары киргендиги бардыгыбызга анык», — деп жазды Абдрахматова.

Акыйкатчы Кыргызстан 1994-жылы эл аралык пактыга кошулуу менен эл аралык коомчулуктун алдында эркин тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө кепилдик алганын жана аны аткарууга тийиш экенин дагы айтты.

Мындан тышкары, «Кылым шамы» укук коргоо уюму орус элчилигинин жана парламенттин алдында тынчтык митингдерин өткөрүүгө мыйзамсыз тыюу салуу фактысы боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Активисттердин кармалышы

17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында активисттер Өндүрүш Токтонасыров менен укук коргоочу Азиза Абдирасулова нааразычылык акциясын өткөрүп жатышкан. Мурдарак Бишкектин Биринчи май райондук соту орус элчилигинин алдында акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. Анткен менен аталган чектөө өлкөнүн башкы мыйзамы — Конституцияга — каршы келет.

Митингге чыккандар Орусиянын Украинага жасаган аскердик чабуулуна каршы пикирин айтышкан. Кийин аларга дагы бир нече адам келип кошулган.

Милиция кызматкерлери алардан кетүүнү суранышкан, бирок акциядагылар расмий катты көрсөтүүнү талап кылышкан. Андан соң укук коргоо орган кызматкерлери активисттерди Биринчи май РИИБине профилактикалык маектешүүгө алып кетишкен.

Украинада үч аптадан бери согуш болуп жатат. Ал 24-февралда Орусиянын кол салуусунан башталган. Орусия кол салуунун расмий максатын Украинаны «демилитаризациялоо жана денацификациялоо» деп белгилеген.