«Горький паркы бар». Эрбол Султанбаев Бишкекте митингдерге тыюу салынганы тууралуу

Тынчтык акцияларын өткөрүү үчүн борбордогу Максим Горький атындагы парк бар. Президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев Биринчи май райондук сотунун Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюуу салган чечимине ушундайча комментарий берди.

«Жарандык позициясын билдирип, тынчтык акцияларын өткөрүүгө эч кандай чектөө жок. Бул макстаттарга М.Горький атындагы шаардык парк аныкталган», — деп жооп берди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде Орусия элчилигинин, Президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында жана «Ала-Тоо» аянтында тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө тыюу салган. Чектөө 1-сентябрга (бул күндү кошуп) чейин созулат.

Бирок соттон «Ала-Тоо» аянтына мамлекеттик жана муниципалдык иш-чаралар өткөрүлө берерин кошумчалашкан.

Бул чечим Баш мыйзамга каршы келет, анткени Конституцияда ар бир жаран тынчтык чогулушунтарын өткөрүүгө укуктуу деп жазылган. Күн мурун президент Садыр Жапаров дагы Фейсбук барагында Кыргызстанда «сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталат жана уланат» деп ишендирген.

«Биздин өлкөдө ар ким каалаганын сүйлөйт, митингдерге чыгат. Чек жок», — деп айткан президент.

Тема боюнча окуңуз: «Путинизмге» каршы митинг. Милиция согушка каршы акциянын катышуучуларын кармап кетти

«Кылмыштын курамы жок». «Путинизмге» каршы митингге чыккандар акталды