Караколдо дээрлик 13 млн сомго беш коомдук ажааткана салууга тендер жарыяланды

Караколдо 12 млн 939 миң сомго беш коомдук ажааткана салуу пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Порталдын маалыматы боюнча, тендерди Каракол мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жарыялаган.

24.kg сайтынын маалыматына ылайык, ажаатканалар Парк көчөсүндө, Тыныстанов жана Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде, Тагай Бий, Пушкин жана Береза атындагы парктарда салынат.

Ажаатканын ар бирине 2 млн 587 миң сом төлөп берүү пландалып жатат.

2 млн сомдук туалеттер Кыргызстанда жаңылык деле болбой калды.

Буга чейин бир күн мурда соцтүйүндөрдө Баткен мэриясы шаардагы «Жаштык» паркында 3 млн сомдук ажааткана куруп жатканы тууралуу маалымат пайда болгон. Буга кыргызстандыктар терс реакциясын билдиришкен.

Кийин мэриядан ажааткана эмес, эки кабаттуу санитардык-тиричилик комплекси курулуп жатканын айтышкан.

Ал эми 2021-жылдын декабрында Сокулук районундагы Төмөнкү чүй айылында №1 мектепке караштуу 2 млн сомго курулган ажааткананын ачылышы болгон.

Караколдо буга чейин дагы мектептин аянтында көчө ажаатканасы салынган. Анда ажааткана прокуратураны кызыктырган болчу.

Өлкөдө коомдук ажаатканалар талкууга айланган учурлар көп кездешет, себеп дегенде алардын көбүнүн абалы өтө начар.