Каракол: Дээрлик 1 миллион сомго курулуп жаткан ажаткананы прокуратура териштирет

Каракол шаарындагы Абит Ахматов атындагы №4 мектеп-лицейине дээрлик 1 миллион сомго курулуп жаткан ажаткананы шаардык прокуратура иликтейт.

Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Урумов тастыктап, ажатканын эскилиги жетип, гигиеналык талаптарга жооп бербей калгандыктан, ата-энелер жаңы ажаткана куруу талабын коюшканын айтты.

«Жаңы ажаткана курууга шаардык кеңеш 1 миллион сом каражат бөлүп, мектеп жетекчилиги тендер жарыялаган. Тендердик комиссияга Ахматов мектебинин мугалимдери дагы кирген. Тендерди “Авангард-Хаус” ЖЧКсы 920 миң сомго утуп алган», — деди Урумов.

Тендерди уткан «Авангард-Хаус» ЖЧКсынын башчысы Абас Шабданов бул курулушта эч кандай «мыйзамсыз» аракеттер жок экенин «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, бул бардык шарттары бар заманбап ажаткана болот. Лицей үчүн ажатканынан курулуш иштери октябрь айында башталган.

«Бул заманбап, бардык шарттары менен курулат. Үстүнөн жылуулук берилип, ичинен кышында жылытуучу кондиционер орнотулат. Бүгүнкү күндө иштин 80%ы бүттү, буйруса, декабрдын аягына чейин толугу менен бүтөт», — деди Шабданов.

Ахматов атындагы №4 мектебинин маалыматына ылайык, жаңы ажаткананын долбоорун шаардык архитектура даярдап, сметасы түзүлгөндөн кийин шаардык кеңешке өткөрүлгөн. Натыйжада Каракол шаардык кеңеши 1 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алган.

«[Пластик] терезелер, [брондолгон] эшиктер коюлду. [...] Бүгүнкү күнгө курулуш иштери дээрлик аяктап калды, түтүктөр (d-150мм) кошулду, шакекчелер коюлду. Туалеттин сырты 50мм пеноплекс менен жылууланды», — деп айтылат мектептин билдирүүсүндө.

Каракол шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Гүлназ Орозова санэпидемстанция ажатканыны колдонууга болбойт деген корутунду чыгарып бергенин, бирок ажаткананын жараксыздыгын аныктачу атайын комиссиянын актысы мектепте экенин билдирди.

Ал эми ажаткана курулуп жаткан мектептен атайын комиссиянын актысы жоктугун кабарлашты.

Каракол шаардык прокуратурасынан комментарий алууга жасаган аракетибизден майнап чыкпаганы менен Ысык-Көл облустук прокуратурасы бул иш шаардык прокуратура тарабынан өндүрүшкө алынганын тастыктап беришти.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, мектеп жарыялаган тендерге бир эле «Авангард-Хаус» ЖЧКсы гана катышкан. Абит Ахматов атындагы №4 мектеп 1991-жылы иштеп баштаган. Ошол убакыттан бери анын сыртындагы эски ажаткана капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мектепте 744 окуучу билим алат.