Талас мамлекеттик университетинин ректору камакка алынды

Cүрөт: УКМК

Талас мамлекеттик университетинде «коррупциялык схема» аныкталып, ректору Айбек Упенов камакка алынды. Бул тууралуу 30-августта УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтан Упенов жана башкы эсепчи 2021-2022-жылдар аралыгында окуу жайдын кызматкерлерине «кайрадан 6 миң сомун кайтарып берүү шарты менен 7 миң сомдон сыйлык ыйгарып турган» деп айтышты.

«Мындан сырткары алар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМКдан, ректор кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден «системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенгенин» белгилешти.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Упенов убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.