Мамкызматкерлердин маянасын жогорулатууга бюджеттен дээрлик 7 млрд сом бөлүндү

Кыргызстанда 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 58 миңдей мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин айлык акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул үчүн мамлекеттик бюджеттен дээрлик 7 млрд сом бөлүндү.

Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндөгү жарлыкка президент Садыр Жапаров 2-августта кол койгон.

Анда Президенттин администрациясынан маяналар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле аларды материалдык жактан кызыктыруу максатында жогорулатылганын билдиришкен.

Ошондой эле бийлик бул аракети менен жогорку квалификациялуу кадрларды кызматка тартып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууну көздөйт.

Дагы окуңуз: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү. Ким канча ала баштайт?