«Кыргызалтын» ишканасынын башкармалыгы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу «Клоопко» компаниядан кабарлашты.

Башкармалыктын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын үч орун басары — Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаевдин ыйгарым укуктары токтотулду. Мунун себеби айтылган жок.

«Азаттык» өкмөттөгү маалымат булактарына таянып, башкармалыктын жаңы курамы дайындалганын жазды. Ага ылайык, ушул жылдын май айында «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалып, бирок эки айдан кийин иштен алынган 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков «Кыргызалтынга»жетекчи болду.

«Кыргызалтындын» басма сөз кызматы башкармалыктын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганы боюнча кийинчерээк кенен маалымат берилет деп ишендирди.

19 тонна алтындын айланасындагы чуу

Кыргызстанда бир нече аптадан бери баасы 1 млрд доллардан ашык суммага бааланган 19,2 тонна алтындын жашыруун сатылганы боюнча чуу уланып жатат. Улуттук банктын отчётунда суммасы 1,1 млрд долларды түзгөн 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон деп айтылат. Президент Садыр Жапаров коопсуздук үчүн алтын сатылган өлкө сыр боюнча калат деп билдирген.

Бирок журналисттер алтындын кайда экенин аныкташты — ал өлкө Швейцария болуп чыкты.

Улуттук банк аталган каражаттар өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө, тышкы карызды төлөөгө, өлкөнүн эл аралык резевдерин көбөйтүүгө жумшалганын айткан.