Спортчу Жалалдин Абдувалиев: Биздин бийлик параспортчуларды колдобойт

Жалалдин Абдувалиев – паратриатлет жана спорттун ушул түрү боюнча дүйнө чемпиону. Үстүбүздөгү жылы Словакияда өткөн дүйнө чемпионатында 53 атаандашын артта калтырып, финишке биринчи болуп келди.

2014-жылы кырсыктан улам Жалалдиндин эки көзү тең көрбөй калган — окуядан эки жыл өткөндөн кийин ал профессионалдык спортко аралашкан. Болгону алты жылдын ичинде ал паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери жана көзү азиздер үчүн мейкиндикте багыт алуу боюнча инструктор болууга жетишкен.

«Дүйнө чемпиону болуу абдан оор. Ушул жыл, буга чейинки жылдар да мен үчүн оор болду. Мен үчүн эле эмес деп ойлойм. Пандемиядан кийин кайра мурдагы калыбыма келүү үчүн көп убакыт кетти. Жылы бою дүйнө чемпионатына, дал ушул аралыкта жарышууга даярдандык. Күн сайын машыгуулар – эң аз дегенде күнүнө үч-төрт саат машыгып жаттык», – дейт ал.

2017-жылы Жалалдин Кыргызстандагы көзү азиздер федерациясын негиздеген, ал жерде көзү көрбөгөндөрдү өз алдынча жашоого үйрөтүшөт.

«Мен башка адамдарга, алардын ичинде көзү азиздерге үлгү болуу үчүн спортко келдим. [Аларга] үлгү болгум келди, анткени мен профессионалдык спорот менен алектене баштаган биринчи көзү азиз спортчумун», – дейт Жалалдин.

Анын айтымында, кыргызстандык параспортчуларда даремет бар, бирок бийлик тиешелүү деңгээлде көңүл бурбайт. Жалалдин президент менен жолугуп, параспортту өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулагысы келет.

«Медаль уткан балбандарды, олимпиадачыларды татыктуу тосуп алышат. Мамлекет аларды колдойт, ал эми паралимпиадачыларга жакшылык каалоодон башка арга жок. Өкмөт бизди угат деп ойлойм. Келечекте бизге да мамлекет тарабынан ушундай колдоо, чоң мүмкүнчүлүктөр болот деп үмүттөнөм», – дейт спортчу.

Алдыда Жалалдин Кытайда өтүүчү Азия пара-оюндарына катышат. Спортчу аталган мелдеште биринчиликти алууну жана келечекте кыргызстандык болочок чемпиондорду машыктырууну самайт.

«Күн сайын спорт менен машыгыңыздар – бул кыйын эмес. Эң эле жөнөкөй чуркап баштаса же физикалык көнүгүүлөрдү жасаса болот. Эгер мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо түрдүү мектептерге, ийримдерге жазылып, фитнес-клубдарга барыңыздар. Ал жерде көбүрөөк ийгиликтерге жетсе болот. Эн негизгиси – өзүңүздөрдү, өзүңүздүн жалкоолукту жеңүү», – деп сөзүн жыйынтыктады спортчу.