Прокуратура Ош ОИИБдин кызматкери эмнеге иштен алынганын териштире баштады

Ош облустук милициясында иштеген Чубак Сыргакбек уулунун эмне себептен кызматтан алынганын облустук прокуратура териштирип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Сыргакбек уулу иштен кеткенде мекеменин жетекчиси Жеңишбек Абитов аны кызматтан мыйзамсыз алганын айтып, президентке кайрылуу жолдогон.

Аширбаев прокуратура Сыргакбек уулунун кайрылууда айткан ар бир сөзүн текшерет деп ишендирди.

«Бул маалымат соцтармактарга чыккан күндөн баштап иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Бирок текшерүүнү облустук прокуратура жүргүзүп жатат», — деди ал.

Ашырбаев бул иш боюнча Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы дагы териштирүү жүргүзүп баштагынын кошумчалады.

Эмне болду эле?

Үстүбүздөгү жылдын 30-августунда милициянын ага лейтенанты Чубак Сыргакбек уулу Ош облустук милициянын жетекчиси Жеңишбек Абитов аны кызматтан мыйзамсыз алганын айтып президентке кайрылуу жасаган.

Кайрылууда ал ички иштер органдарында 11 жыл кызмат өтөгөнүн белгилеген. Ал эми мекемеге Жеңишбек Абитов жетекчи болгондон кийин, ачык куугунтукка кабылганын айткан.

«Абитов жетекчиликке келгенден кийин өз кызыкчылыктары үчүн буйрук бере баштады. Мен бул буйруктарга баш ийбей, мыйзам чегинде иштегеним үчүн жактырышпайт [...] Абитов мени жеке кабыл алып, “иштен кетирем, сени жок кылам, эгерде өз ордуңда иштегиң келсе, эмне кылыш керек экенин билесиң да” деп акчанын бир четин айткансыды», – деп билдирген ал.

Мурдагы милиция кызматкери Ош ОИИБин чечимине даттанып шаардык сотко кайрылган.

Ал эми Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы соцтармактарга тараган видео боюнча комментарий берип, Сыргакбек уулу «жубайы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү үчүн» кызматтан алынганын маалымдаган.

Облустук милициядан бул факты боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» беренеси менен сотко чейинки ѳндүрүш иши ачылганын билдиришкен.

Тема боюнча:

Ош ОИИБи президентке даттанган кызматкер аялын сабаганы үчүн иштен алынганын билдирди