Ош ОИИБи президентке даттанган кызматкер аялын сабаганы үчүн иштен алынганын билдирди

30-августта Ош облустук милициясынын мурдагы кызматкери Чубак Сыргакбек уулу аттуу киши мекеменин жетекчиси Жеңишбек Абитов аны кызматтан мыйзамсыз алганын айтып президентке кайрылды. Ал эми Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы соцтармактарга тараган видео боюнча комментарий берип, Сыргакбек уулу «жубайы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү үчүн» кызматтан алынганын маалымдады.

Эмне болду?

Ош ОИИБнин мурдагы кызматкери, милициянын ага лейтенанты Чубак Сыргакбек уулу видео кайрылууда ички иштер органдарында 11 жыл кызмат өтөгөнүн белгилеген. Ал эми мекемеге Жеңишбек Абитов жетекчи болгондон кийин, ачык куугунтукка кабылганын айткан.

«Абитов жетекчиликке келгенден кийин өз кызыкчылыктары үчүн буйрук бере баштады. Мен бул буйруктарга баш ийбей, мыйзам чегинде иштегеним үчүн жактырышпайт [...] Абитов мени жеке кабыл алып, “иштен кетирем, сени жок кылам, эгерде өз ордуңда иштегиң келсе, эмне кылыш керек экенин билесиң да” деп акчанын бир четин айткансыды», – деп билдирген ал.

Ошондой эле, мурдагы милиционер Абитов ага оперативдик чогулушта сөгүш жарыялап, кийинчерээк мыйзамсыз жумуштан кетиргенине нааразы болгон.

Сыргакбек уулунун айтымында, ал Ош облустук ИИБнин ага карата чечимине даттанып шаардык сотко кайрылган.

«2022-жылдын 14-мартында сот кызматтан кетүү тууралуу буйрукту мыйзамсыз деп таап, мурунку ээлеген кызматына кайтарылсын деген чечим кабыл алган. Бирок сот чечими аткарылбай келет», — деген Сыргакбек уулу.

Милиция эмне дейт?

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынан аталган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Ошондой эле милициянын маалыматында ага лейтенант Сыргакбек уулу 2021-жылы июнь айында кызматтан бошотулганы, буга жубайы жана жашы жете элек баласын урганы негиз болгону айтылат.

«2021-жылдын 11-июль күнү Кара-Суу райондук милициясына Шарк айыл аймагынын Фуркат айылынын 28 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылган. Арызда ошол 10-июль күнү саат 16:00 чамаларында жолдошу Чубак Сыргакбек уулу менен ѳз ара пикир келишпестиктен улам арыз ээсин жана 3 жаштагы уулун токмоктоп, денелерине жарат келтиргендигин билдирген», — деп айтылат билдирүүдө.

ОИИБнин басма сөз кызматынан бул факты боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» беренеси менен сотко чейинки ѳндүрүш иши ачылганын баса белгилешти.

Аны менен катар, Ош облусттук соттук-медициналык экспертизасынын кортундусуна ылайык, жабырлануучу жана анын уулунун ден соолугу кыска мѳѳнѳткѳ бузулушуна алып келген жеңил жаракат алганы боюнча кортундусу чыкканын кошумчалашты.

«Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ жабырлануучунун жолдошу, милициянын улук лейтенанты Чубак Сыргакбек уулуна карата Араван РИИБи тарабынан “Сѳгүш” жана “Кызматтык толук эмес ылайыктыгы жѳнүндѳ эскертүү” тартиптик жазасы берилип, кызматынан бошотулган», — деп билдиришти облустук милициядан.

Андан тышкары, Сыргакбек уулу кызматына кайтуу үчүн сотко кайрылганын тастыктап, учурда соттук кароо уланып жатканын белгилешти.

Милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Ош облустук ИИБнын башчысы болуп 2021-жылы дайындалган. Ага чейин Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясын жетектеген.