Султанбаев: Эскертүүдөн кийин бардык министрликтер санариптештирүү тууралуу маалыматарды берди

Бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар 1-сентябрга чейин санариптештирүү тууралуу маалыматтарды берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 3-сентябрда фейсбук барагында билдирди.

Ал буга чейин Садыр Жапаров тиешелүү маалыматтарды 1-сентябрга чейин берүү боюнча бир катар министрлик менен мамлекеттик органдарга эскертүү бергенин айтты.

«Мамлекет башчынын эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды бергенин маалымдайбыз», — деди ал.

Султанбаев мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү процесси президенттин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Буга чейин, 20-августта Жапаров 1-сентябрга чейин санарипке өтпөгөн министрлер кызматтан алынат деп эскертип, маалымат бере элек мекемелердин тизмесин жарыялаган.

«Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. "Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз" дегендер деп билебиз», — деген ал.

Электрондук системага өтүү

Буга чейин минкабдын башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышууларды 11-майдан тартып электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүүнү тапшырган.

Январдын башында ал бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөрүн билдирген болчу.

Маморгандарда электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү ишин тездетүүнү өткөн жылдын аягында президент Садыр Жапаров да тапшырган.

«1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошол үчүн июлдун биринен баштап электрондук документке, электрондук кол коюуга өтүшүбүз керек», — деп эскерткен президент.

Ал эми 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында президент Садыр Жапаров электрондук документ жүгүртүүгө өтпөй, «кагазды тонналап» пайдаланып жаткан чиновниктерди сынга алган.

Тема боюнча:

Жапаров: Санарипке өтүүнү каалабагандар — коррупциялашкан мекемелер