Жапаров: Санарипке өтүүнү каалабагандар — коррупциялашкан мекемелер

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санарипке өтпөгөн министрлер кызматтан алынарын билдирди. Бул тууралуу ал 20-августта Фейсбук барагына жазды.

Жапаров буга чейин Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын белгиледи.

«Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып кете берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. "Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз" дегендер деп билебиз», — деди Жапаров.

Жапаров жарыялаган таблицада БШК, Улутту Банк, Экономика жана коммерция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Энергетика министрлиги, ИИМ, Жогорку сот, Улуттук статистика комитети жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы гана отчет бергенин көрүүгө болот.

Электрондук системага өтүү

Буга чейин минкабдын башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышууларды 11-майдан тартып электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүүнү тапшырган.

Январдын башында ал бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөрүн билдирген болчу.

Маморгандарда электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү ишин тездетүүнү өткөн жылдын аягында президент Садыр Жапаров да тапшырган.

«1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошол үчүн июлдун биринен баштап электрондук документке, электрондук кол коюуга өтүшүбүз керек», — деп эскерткен президент.

Ал эми 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында президент Садыр Жапаров электрондук документ жүгүртүүгө өтпөй, «кагазды тонналап» пайдаланып жаткан чиновниктерди сынга алган.