Видео: Президент чиновниктерди «тонналаган кагаз» үчүн сынга алып, планшет колдонууга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күнгө чейин электрондук документ жүгүртүүгө өтпөй, «кагазды тонналап» пайдаланып жаткан чиновниктерди сынга алды. Бул тууралуу ал 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Президенттин айтымында, буга чейин бийлик ведомстволорго 1-июлдан тартып кагаз сатып берүүнү токтоторун эскерткен. Өлкө башчысы «тилекке каршы министрликтер, агенттиктер бүгүнкү күнгө чейин электрондук документ жүгүртүүгө өтө албай жатканын» белгиледи.

«Компьютерге, планшетке өтөлү деп жатабыз. […] Мына ар бириңердин алдыңарда тонналаган кагаздар жатат. Ручка, блокнотторду колдоносуңар. Мына менин алдымда эч нерсе жок. Бир ручка, кагаз колдонбойм. Мунун [планшеттин] ичине баары батат. Ошондуктан компьютерге өткүлө», — деп кайрылды Жапаров.

Буга чейин минкабдын башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышууларды 11-майдан тартып электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүүнү тапшырган. Январдын башында ал бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөрүн билдирген болчу.

Маморгандарда электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү ишин тездетүүнү өткөн жылдын аягында президент Садыр Жапаров дагы тапшырган.

«1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошол үчүн июлдун биринен баштап электрондук документке, электрондук кол коюуга өтүшүбүз керек», — деп эскерткен президент.