Мамлекеттик органдар кат алышууларды электрондук системада жүргүзүүгө милдеттендирилди

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышууларды 11-майдан тартып электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызмат Жапаров жыйындын жүрүшүндө электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү менен дагы таанышкан. Минкабдын башчысы январдын башында бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөрүн билдирген.

Акылбек Жапаров документтерге электрондук санарип кол тамга менен кол коюп жатат, 2021-жыл 27-ноябрь. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Маморгандарда электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү ишин өткөн жылдын аягында президент Садыр Жапаров дагы тездетүүнү тапшырган.

«1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошол үчүн июлдун биринен баштап электрондук документке, электрондук кол коюуга өтүшүбүз керек», — деп эскерткен президент.

Жапаровдун айтымында, 2021-жылдын 10 айында мамлекеттик органдарга бир миң тоннага жакын кагаз сатып алынган.

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасы мамбюджетти үнөмдөө максатында, мамлекеттик органдарга кеңсе кагазынын эки бетин тең колдонууну тапшырган. Анын айтымында, мындай жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50%га кыскартууга, натыйжада, өлкөнүн бюджетин жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.