Атабековдун унаада баратып ырдаганы: Милиция айдоочуну айыпка жыкты

Белгилүү ырчы Мирбек Атабековго коопсуздук курун тагынбаганы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, буга ырчы унаада баратып «Мурас» ырынын ремиксин ырдагандагы видеосу себеп болгон. Милициядан белгилешкендей, ал учурда Атабеков жана унаанын айдоочусу коопсуздук курун тагынган эмес.

Мындан улам, ырчынын айдоочусуна протокол тузүлүп, 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми Атабековго түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал арада ырчы өзүнүн Инстаграм барагында кыргызстандыктарды мыйзамды сыйлап, жол эрежесин сактоого чакырды.

28-августта Атабеков «Мурас» ырын америкалык рэпер-продюсер Dr.Dreнин Still D.R.E. композициясынын битинин коштоосунда аткарган видео жүктөп, коомчулуктун көңүлүн бурдурган.

Патриоттук сезимдеги «Мурас» ыры 2017-жылы жарык көргөн. Азыркы учурга чейин ал YouTube’да 16 миллионго жакын көрүү топтогон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир видео менен: Мирбек Атабеков «Мурастын» ремиксин ырдады