Ташиев: Оппозиционерлерге чара колдонгум келбейт, бирок чектен чыкса чара көрөбүз

УКМКнын башчысы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку наамын алгандан кийин «Регион ТВ» телеканылана маек курган. Анда ал наам алгандан кийинки сезимдери менен кошо бийликти сындагандар менен оппозиционерлер тууралуу пикирин билдирген.

Ташиев бийликтин бир катар дымактуу максаттары бар экенин, ал үчүн «тынчтык жана туруктуулук» керектигин билдирген. Алсак, Ташиевдин айтымында, минкаб жакынкы 5 жылда бюджетти 1 триллион сомго жеткиргиси келет.

«Ушундай чоң финансылык жетишкендиктерге жетип, жумуштар жүрүп кеткенден кийин аны эч ким токтото албайт. Ошондуктан коомбузда азыр тынчтык, туруктуулук керек. Бизди сындап чыккандар болуп атат. Биз ага макулбуз. Бизди сындасын, биз туура эмес кылып атсак, ошол жерибизди оңдогонго жардам берсин. Бирок коомго бүлүк салышпасын», — деп эскертти ал.

Эгер андай боло турган болсо, Ташиевдин айтымында, бийлик аларга мыйзамдын чегинде «чараларды көрөт».

«Эгерде алар дагы деле каршы чыгып, бийлик жетпей калгандар дагы деле жаман иштерге барабыз дей турган болсо, биз аларга карата мыйзамдын чегинде толук чара көрөбүз. Бирок ошол оппозиция болсо деле, бизге каршы сүйлөгөн адамдар болсо деле, бизге ошол жаман-пикирлерин билдирген адамдар болсо деле, ошолорго деле бир чара көргүм келбейт да, себеби алар биздин адамдар, биздин жарандар, алар кечээ эле бирге жүргөн адамдарыбыз», — деди ал.Ал оппозициядагы адамдардын көбү менен мурда бирге жүргөнүн дагы белгиледи.

«Бирок эгер алар чектен аша турган болсо, эч кандай бир партиялуулугуна, кылган эмгегине карабастан чара көрөбүз. Себеби мамлекеттүүлүктүн негизги булагы — бейпилдик. Бейпилдик болсо, тынчтык болсо мамлекетибиз өсүп, өнөт», — деди Ташиев.

«Күлүн асманга сапырабыз»

УКМКнын башчысы оппозицияга жана башаламандык уюштурууну көздөгөндөргө буга чейин дагы эскертүү берген.19-июлда sayasat.kg сайтында Ташиевдин маеги жарыяланган. Анда ал Кыргызстанда күзүндө революция болбой турганын, анткени бийликтин жасаган иштеринде эч кандай төңкөрүшкө негиз жок деп билдирген.

«Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн. Кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз. Биздин милдет - артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калыш. Бизге көпчүлүк элдин, тарапташтарыбыздын койгон талабы ушундай. Биз ал талаптарды аткарабыз», — деген Ташиев.

Ал мындан ары бийлик элдин нааразы болуп чыгышына «повод» бербесин жана «таза, эл үчүн иштеп» берерин кошумчалаган.

Бишкекте апрелден бери Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, Президенттин администрациясынын жана УКМКнын, ал тургай Орусия элчилигинин алдында тынчтык акциялары менен митингдерди өткөрүүгө болбойт. Биринчи май райондук соту 1-сентябрда бул чектөөнү 2022-жылдын 1-декабрына чейин узарткан.