Бекешев: Мэрия Асанбайдагы паркты 25 жылга ижарага берүүнү пландап жатат, бул мыйзамсыз

Депутат Дастан Бекешев Бишкек мэриясы Асанбай кичи районундагы «Бишкектин 125 жылдыгы» атындагы паркты 25 жылга ижарага берүүнү пландап жатканын айтып чыкты. Депутаттын айтымында, бул мыйзамсыз иш-аракет.

Бекешев «парк калктуу конуштардын коомдук пайдалануудагы жери болгондуктан беш жылдан ашык убакытка ижарага берүүгө болбой турганын» белгиледи. Анын айтымында, учурда мэрия паркка 250 млн сомдон кем эмес акча иштете турган инвестор тандоо боюнча конкурс жарыялаган.

«Бир апта мурда Асанбай кичи районунун тургундары менен жолуктум. Алар парктын мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн алкагында ижарага берилип кетишине тынчсызданып жатышат. Мен конкурсту токтотууну суранам, анткени аны өткөрүүнүн өзү мыйзамсыз», — деп жазды депутат.

Депутат ошондой эле Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылды. Бекешев мэрди Кыргызстандын мыйзамдары менен таанышып чыгып, инвестор тандоо боюнча документти артка чакыртып алып, конкурстук тандоонун критерийлерин тартипке келтирүүгө чакырды.

«Тургундар келечекте ал жерге курулуштар түшүп, паркты шаар тургундарынан тартып алышат деп кооптонушууда», — деп жазды Бекешев кайрылуусунда.

Ал ошондой эле инвесторду тандоо комиссиясына шаардык кеңештин депутаттарын жана Асанбай кичи районунун активдүү тургундарын кошуу керектигин кошумчалады.

Мэриядан эмне деп жооп беришти?

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинен (ММБД) «Клоопко» 2017-жылы мэрия менен «Детский досуг» ЖЧКсы жер тилкесин маданий парк жасоо үчүн 5 жылга ижарага берүү тууралуу келишим түзүшкөнүн айтышты.

2019-жылы ММБД паркты менчик комплекс катары өз балансына алган, учурда аны башкарып, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк долбоорлорун демилгелеп жатат.

ММБДнын маалыматына ылайык, 2022-жылы «Детский досуг» ЖЧКсы ижаранын мөөнөтүн узартууну суранган, бирок андан баш тартылган.

Паркты ижарага алуучу инвесторду тандоо конкурсу тууралуу айтсак, ММБДдан Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен аларга Асанбай паркын модернизациялоо тууралуу буйрук келгенин айтып жооп беришти.

Ошентип, инвесторду тандоодогу талаптарга ылайык, ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү болот:

  • паркты модернизациялоо, реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана жашылдандырууга 250 млн сомдон кем эмес каражат бөлүүгө;
  • ММБДне жыл сайын 9 млн сомдон кем эмес акча которууга;
  • паркты 70%га жашылдандырууга.

Департаменттен келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик өнөктөшкө аттракциондорго, жардамчы жабдууларга жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк долбооруна тиешелүү башка активдерге болгон менчик укугу өткөрүлүп берилерин кошумчалашты.