Мугалимди «сыйлабагандарга» айып салуу: Парламент комитети мыйзамды экинчи окууда жактырды

Парламенттик комитет мугалимди мазактаган үчүн айып пул салууну киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мындай чечимди депутаттар укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында кабыл алышты.

Комитеттин башчысы Сүйүн Өмүрзаков көптөгөн мугалимдер жумушун таштап, башка өлкөлөргө кетип калышты деп билдирди. Ал мугалимдердин укугун коргоого чакырды. Анын пикиринде, жылдан-жылга билим берүүнүн деңгээли төмөндөп барат.

Мыйзам долбооруна ылайык, мугалимди мазактаган окуучуларга айып пул салынат, а эгер кылыгын кайра кайталаса, окуучулар административдик камакка алынышы мүмкүн.

Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске түзөтүүлөр

2022-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин депутаттары Укук бузуулар тууралуу кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн добуш беришкен. Анда мугалимдерди сыйлабаган окуучуларга жана алардын ата-энесине айып салуу сунушталган.

Укук бузуулар тууралуу кодексине түзөтүүлөрдү депутаттар Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев жана Улан Бакасов демилгелешкен. Мыйзам долбоору коомдук талкууга 22-февралда чыгарылган..

Депутаттардын пикиринде, өзгөртүүлөр «педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында» иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан «педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, а түгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө гана эмес, кепилденген педагогикалык кызматкерлердин коомдогу өзгөчө укуктук статусунун ылдыйлашына алып келет» деп айтылган.

Депутаттар мугалимдерди кемсинткен окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун Сузакта мектеп окуучусу мугалимдин ур-токмогуна кабылган шартта демилгелей башташкан. Окуядан кийин милиция жана Билим берүү жана илим министрлиги териштирүү баштаган. Жалал-Абад ОИИБнен окуя маалыматтарды катоо журналына киргизилгенин айтып беришкен.

Аталган окуя коомчулуктун бүйүрүн кызытып, ал эми бийлик тарабынан түрдүү пикирлер айтылган. Алсак, буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев менен минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ойлорун айтышкан.