Садыр Жапаров: Ошто милиция кызматкерлерине 240 батирлүү үй курулду

Ошто ИИМ кызматкерлерине делген 240 батирлүү үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин жыйынында президент Садыр Жапаров айтты.

Жапаров жыйына ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн жаңы имараты курулуп бүткөнү калганын маалымдады.

«Мамлекет тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин материалдык жана социалдык абалын жакшыртуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүп жатат», — деди президент.

Ошондой эле жолугушууда президент Кыргызстандын ИИМнин дарамети «заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга даярдыгын толук көрсөтүүгө, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берет» деп билдирди. Анын айтымында, ведомство соңку учурда «мыйзамдуулукту жана укук тартибин коргоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыздоого, жарандардын бейпил жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана башка иш-чараларды жүргүздү».

ИИМге карата сын

Ички иштер министрлигинин иши акыркы жылдары бир далай жолу сынга алынган, ал эми ведомствонун башчысы Улан Ниязбековду бир нече жолу кызматынан кетүүгө чакырышкан.

Мисалы, Ниязбековдун отставкасы 26 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин дагы талап кылынган. Кыздын уурдалып өлтүрүлүшү жана милициянын ал учурдагы аракети коомчулукта нааразылыктарды жараткан. Бул окуядан кийин жогорку кызматта отурган бир катар милиция кызматкерлери ээлеген кызматынан ажыраган, бирок Ниязбеков ордунда калган.

ИИМ башчысынын отставкасы милиция кызматкерлери тарабынан 13 жашар кыз зордукталганы белгилүү болгондон кийин дагы талап кылынган. Жабырлануучунун туугандары айыпталуучулар кызды коркутуп-үрктүп дээрлик жарым жыл сексуалдык жактан зордошконун билдиришкен.

Укук коргоочулар ИИМ аялдарды жана балдарды зомбулуктан коргоо жаатында начар иштеп жатканын белгилеп, министрликте реформа жүргүзүү зарыл экенин айтышкан.

Бул иш боюнча Ниязбековдун айткандары дагы чуу жараткан. Ал 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып «окуя жумуштан сырткары убакта болгон» деп айткан.

«Ал нерсе [зордуктоо] жумуш учурунда болгон эмес. Келиңиздер, сот процессине аралашпайбыз», — деп жооп берген Ниязбеков.

30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту эки эки милиционерди күнөөлүү деп таап, аларды 15 жылга эркинен ажыраткан. Бул иш боюнча айыпталган базардын кароолчусу дагы он жылга кесилген. Иындан тышкары айыпталгандар жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп бериши керек. Аны менен кошо милицонерлер абак жазасын өтөп чыккандан кийин үч жыл бою кандайдыр бир кызматка бара алышпайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

13 жашар кызды зордуктаган милиционерлер 15 жылга кесилди

«Жумуштан сырткары убакта болгон». Бийлик 13 жашар кыздын окуясына кандай реакция кылган?

«Ниязбековдун эч кандай күнөөсү жок». Депутат Матраимов 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча үн катты