«Ниязбековдун эч кандай күнөөсү жок». Депутат Матраимов 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча үн катты

Улан Ниязбеков/Искендер Матраимов

Депутат Искендер Матраимов 13 жашар кыздын милиционерлер тарабынан зордукталганы боюнча «Азия Ньюс» гезитине маек курду. Аны гезитке шилтеме берүү менен Argument.kg сайты 21-июлда жарыялады.

Матраимов интервьюсунда секелектин милиционерлер тарабынан зордукталышында ички иштер министри Улан Ниязбековдун «эч кандай күнөөсү жок» деп айткан. Ал бул учурда «министрдин отставкасы талап кылынбашы керек» деп эсептейт.

«Бул жерде кызды зордуктаган милициянын жеке жоопкерчилиги болуп жатпайбы. Бизде бир кызык жагдайлар болууда. Алсак, эки кошуна чырдашып кетсе деле министр күнөөлүү, тоок уурдалса деле министр күнөөлүү. Андай болбош керек да», — деген ал.

Депутат ар бир аймакты тескеген күч органдарынын баштапкы жетекчилери болоорун айтып, мындай маселелерди алар карашы керек деген пикирде.

«Эмне алар текей терип жүрүшөбү? Министр деген мамлекеттик деңгээлдеги иштерди тескей турган жетекчи. 13 жашар кыздын зордукталганын шылтоо кылып, аны саясатташтырып, министрдин отставкага кетүү талабын колдобойм, бул менин сөзүмдүн аныгы», — деген Матраимов.

«Азия Ньюста» жарыяланган интервьюда айтылгандар канчалык чындыкка жатаарын суроо үчүн депутатка байланышууга мүмкүн болгон жок.

13 жашар кыздын милиционерлер тарабынан зордукталганы белгилүү болгон соң Бишкек жана Ош шаарларында зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Чогулгандар бийлик зомбулукту токтотууга кайдыгер карап жатканын белгилешип, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Ниязбеков эмне деди?

Ал эми Ниязбеков өзү 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып «окуя жумуштан сырткары убакта болгонун» белгилеген.

Ал «келгиле соттук процесске аралашпайлы» деп айтып, секелекти зордуктоого айыпталган милиция кызматкерлеринин жетекчилери «жазаланды» деп ишендирген.

Анын айтымында, Свердлов РИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчисине жана кадрлар боюнча жетекчинин орун басарына катуу сөгүш алуу жана кызмат даражасынан төмөндөтүү түрүндө жаза берилген.

Башка аткаминерлер эмне деген?

Коомчулукта резонанс жаралгандан кийин бир катар аткаминерлер да окуя боюнча ар кандай комментарийлерди айтышкан. Бирок президент Садыр Жапаров өзү окуя боюнча комментарий берген эмес жана аны менен жолугушууну каалаган активисттерди кабыл алган жок.

Ал эми анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «президент мындай терс көрүнүштөрдү кескин сындайт» деп билдирген.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров болсо «милиционерлердин арасында да айбандар болот экен» деп билдирип, «бул кечиримсиз экенин» айткан.

Ал эми минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Твиттерине «Бул окуя тууралуу [ЖМКларда] жазып, кайгыны кайра көбөйтүштүн эмне кереги бар?» деп жазган. Ал айрым ЖМКларды «кыргыз элин стресске түшүрүп, маалыматтык террор» кылып жатат деп айыптаган.

Коомчулук Байсаловдун бул сөзүн кескин сынга алган, жада калса анын комментарийине байланыштуу иллюстрация тартылган.

Министрдин отставкасы биринчи жолу эле талап кылынып жаткан жок — 2021-жылдын апрелинде 26 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин да митингдер өтүп, Ниязбековду отставкага кетсин деп чыгышкан.

Аялдарга жана балдарга карата зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. ИИМдин маалыматына ылайык, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көп учурда иштер сотко жетпейт, себеп дегенде балдарга карата зомбулук учурлары көбүнесе туугандар тарабынан болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн