«Трагедия кылуунун кереги жок». Жапаров агасы алтын куймасын кармап Түркияда сүрөткө түшкөнүн айтты

Акыркы эки күндө президент Садыр Жапаровдун агасы Сабырдын алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтү соцтармактардагы кызуу талаш-тартышка себеп болду.

Өлкө башчысы ал сүрөт былтыр Туркияда тартылганын 8-сентябрда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине билдирди.

Жапаровдун айтымында, өткөн жылы Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды дүйнөлүк биржада сатууга чектөө койгон. Ошол кезде түрк ишкерлери алтын сатып алуу боюнча президенттин агасы Сабыр Жапаровго кайрылган.

«Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. [...] Ошол мезгилде, “балким жардамым тийип калабы” деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес. “Кумтөрдүн” алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен», — деп түшүндүрдү ал.

Өлкө башчысы агасы Түркияга барганда алтындын баасы «өтө эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес» деп ишендирди.

Жапаров бардык эле өлкөдө чет жерден келген коноктор же инвесторлор президенттин жакындарына байланышка чыгарын кошумчалады.

«Мурдакылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм. Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле, мамлекет өзү билип алат», — деди ал.

Президент ага жана бир туугандарына бир грамм алтындын кереги жок экенин белгилеп, «алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз» деп кошумчалады.

Президенттин агасынын сүрөтү

7-сентябрда соцтүйүндө президенттин агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларын кармап турган сүрөтү тараган. Ал коомчулукта кызуу талкууга алынып, айрым колдонуучулар түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Бул маселе парламент жыйынында да көтөрүлүп, айрым депутаттар президенттен түшүндүрмө берүүнү сурашкан.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев сүрөт эски экенин жазып, 2016-2017-жылдары тартылганын айткан. Эртеси күнү ал жылынан адашып алганын айтып, так маалымат берүүнү убадалаган.

Алтынга байланыштуу чуу

Президенттин агасынын алтын кармаган сүрөтү жалпы суммасы 1 млрд доллар болгон 19 тонна алтындын сатылып кеткени тууралуу маалыматтын жашырылышына байланыштуу чуу чыккан шартта интернетке тарады.

Улуттук банктын отчётунда суммасы 1,1 млрд долларды түзгөн 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон деп айтылат. Президент Садыр Жапаров коопсуздук үчүн алтын сатылган өлкө сыр боюнча калат деп билдирген.

Бирок журналисттер алтындын кайда экенин аныкташты — ал өлкө Швейцария болуп чыкты.

Алтындын сатылып кеткени тууралуу маалыматтар жашырылганына байланыштуу Бириккен демократиялык кыймыл бир нече ирет билдирүү жасаган. Алар президенттен жай мезгилинде Кыргызстандын карамагына өткөн «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгү жана алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылышкан.

Парламент да Министрлер кабинетинен алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылышууда. Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында бир нече депутат бул маселе боюнча парламентте өкмөттүн отчётун угууну сунуштаган.

Депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинети парламентте буга байланыштуу отчет бериши керектигин белгилеп, ага кендеги финансылык бузуулардан улам кызматтан алынган «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү да чакыруу зарылдыгын айткан.

Кесиптешин депутаттар Тазабек Икрамов менен Дастан Бекешев да колдогон.

Депутат Исхак Масалиев президент ушул жылдын июлунда «Кумтөр» боюнча отчёт берүүнү убадалаганын, бирок дагы деле ишке ашыра электигин эскерткен.

Тема боюнча:

Президенттин агасынын алтын кармаган сүрөтү. Коомчулукта кайрадан «Кумтөр» маселеси көтөрүлдү